Коронавируска каршы Ошто эмдөө. Архивдик сүрөт

Эмдөө уланууда. Бир суткада 9 153 адам коронавируска каршы вакцина алды

44
(жаңыланган 11:00 02.10.2021)
Белгилей кетсек, жарандар вакцинаны мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынан тышкары жеке медициналык клиникаларда да акысыз сайдыра алышат.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кечээтен бери 9 153 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, эмделгендердин  4 586сы вакцинанын биринчи дозасын сайдырса, 4 567 адам экинчи дозаны алган. Муну менен жалпысынан биринчи доза алгандардын саны 833 472 жетсе, 628 413 адам экинчи доза менен толук эмделген.

Белгилей кетсек, жарандар вакцинаны мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынан тышкары жеке медициналык клиникаларда да акысыз сайдыра алышат. Эмдөөгө барчу адамдын жанында сөзсүз паспорту болушу керек. Анткени документтеги жана эмделгени жөнүндө маалыматтары Саламаттык сактоо министрлигинин базасына киргизилет.

44
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, эмдөө, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (257)
Тема боюнча
COVID: өткөн суткада 72 киши ооруду, өлүм учуру катталган жок
Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

12
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин статусу каралышы керектигин айтты.

Баткенчи-жоокерлердин эрдиги бааланып, мамлекет тарабынан ар бирине колдоо көрсөтүлүшү керек. Мындай пикирин Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

Анын айтымында, Баткен окуясына катышкан жоокерлердин статусуна байланышкан маселе согуш жыйынтыкталгандан бери көтөрүлүп, чечилбей келет.

"Баткен согушуна катышкан жоокерлерге статус берүү тууралуу маселе 1999-жылдан бери көтөрүлүп келет. Башында ошол учурдагы өлкө башчысынын жарлыгы менен жоокерлерди колдоо максатында 3000 сомдон берилип турган. Кийинчерээк аны алып салышкан. Бүгүнкү күнгө чейин коогалаңдын катышуучуларынын статусу көтөрүлсүн деп аракет көрүп келебиз. Мисалы, афган согушунун ардагерлери ай сайын 6 миң, майып болгондор 7 миң, каза болгон жоокерлердин ата-энелери миң сомдон мамлекеттен акча алышат. Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин так аткарып, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн берген жоокерлерибиздин эмгеги бааланышы абзел", — деди Чотбаев.

Ошондой эле генерал-полковник учурда Баткен окуясына катышкан жоокерлер болгону киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

12
Белгилер:
Абдыгул Чотбаев, Баткен окуясы, жоокер, статус, чек ара, согуш
Тема боюнча
Токон Мамытов: чек ара көйгөйүн чечпесе Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт

Арбитраждык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча план бекитилди

15
(жаңыланган 12:08 26.10.2021)
Планды ишке ашыруу мамлекетти юрисдикциялык жактан коргоону жакшыртып, арбитраждык доолордун потенциалын төмөндөтөт.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Юстиция министрлиги Эл аралык арбитраждык соттордо мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо боюнча иш-аракеттер планын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанга каршы демилгеленген эл аралык арбитраждык доолордун, анын ичинде "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалдын алкагында Эл аралык арбитраждык жана башка соттук процесстерде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, ошондой эле жаңы арбитраждык доолордун мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүү боюнча мөөнөттүү иш-чаралардын планы бекитилген.

Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Мамлекеттин юрисдикциялык иммунитетин күчөтүүгө басым жасоо менен инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү;
  • Жергиликтүү же эл аралык юристтердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына баа берүү боюнча инструменттерди киргизүү жана чыгымдардын деңгээлине мониторинг жүргүзүү;
  • Эл аралык юристтер менен иштөө үчүн арбитраждык маселелер боюнча жергиликтүү топ түзүү;
  • Жогорку тобокелчилик топтордогу мамлекеттик органдар жана мамкызматкерлер менен талдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
"Планды ишке ашыруу мамлекетибизди юрисдикциялык жактан коргоону жакшыртып, Кыргызстанга каршы арбитраждык доолордун потенциалын төмөндөтөт. Учурда Кыргызстанга каршы демилгеленген бардык арбитраждык процесстердин мазмунуна талдоо башталды. Юридикалык өкүлчүлүктүн натыйжалуулук маселелерин жана сапаттын/чыгашанын мониторинг жүргүзүүнүн механизми изилденүүдө. Ошондой эле жаңы арбитраждык доолор үчүн тобокелдиктерди жараткан же Кыргызстандын соттук позициясынын натыйжалуулугун төмөндөткөн системалык себептер аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ата мекендик эксперттер тобун түзүү жана эл аралык укук, арбитраждык сот өндүрүшү маселелеринде юрист-практиктердин ата мекендик мектебин өнүктүрүүгө басым жасап, эл аралык консультанттар менен иштешүүнүн жаңы форматын киргизүү пландалып жатканы айтылды.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар үчүн маалыматтык жана тренингдик кампаниялар жүргүзүлмөкчү.

15
Белгилер:
Эл аралык арбитраждык сот, план, бекитүү, Кыргызстан, кызыкчылык, коргоо
Тема боюнча
Жапаров жакырлардын укугун коргогон адвокаттардын айлыгын көтөрүүнү тапшырды