Алты баланын энеси. Бишкектик аял элди 905 миң долларга алдаган деп айыпталууда

© AFP / JOHAN ORDONEZКолуна кишен тагылган аялдын архивдик сүрөтү
Колуна кишен тагылган аялдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Милиция билдиргендей, 40 жаштагы аял өзүн курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары тааныштырып, көптөрдү алдап кеткен. Бүгүнкү күндө анын үстүнөн 18 арыз түштү.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык милициянын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы жарандарды 904 миң 750 долларга алдаган деп шектелген аялды кармаганын кабарлады.
Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Самат Ибраевдин уулу 507 млн. сомдук алдамчылык боюнча дагы деле издөөдө
Милициянын маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө туулган А.Талипова аттуу 40 жаштагы аялдын үстүнөн арыз түшүп, сотко чейинки териштирүү башталган. Кармалган жаран өзүн курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары тааныштырып, бир нече адамдан акча алган. Бүгүнкү күндө ага алданганын айтып 18 киши арыз менен кайрылганы белгиленди.
"Буга байланыштуу жарандар мыйзамсыз аракеттерине чара көрүүнү сурап бир нече жолу жогорку инстанцияларга даттанган. 28-сентябрда тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Т.А. камакта болбогондуктан сыртка чыгууну суранган. Бирок ошол бойдон из жашырып кеткен. Милиция аны таап, Тергөө кызматына алып келген. Натыйжада тергөөгө тоскоол болбошу үчүн аны эки айга тергөө абагына камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды", — деп айтылат маалыматта.
Ага Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылык") менен айып тагылган. Аны менен катар кармалган аял буга чейин да алдамчылык фактысы менен соттолгону аныкталган.
Сотко чейинки териштирүүнүн жыйынтыгы Октябрь райондук сотуна жөнөтүлүп, учурда каралууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0