Кардиолог кайсы азыктар гипертонияга жеткире турганын айтты

© AFP / KENA BETANCURРесторан Nathans в Нью-Йорке
Ресторан Nathans в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Адис эң алгач жаныбардын майын азайтып, анын ордун эт, балык, жашылча-жемиш менен толтуруу кеңешин берген.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кардиолог Сергей Иванов "Парламентская газета" басылмасына кайсы азыктар гипертонияны чакырышы мүмкүн экенин айткан.
Адис белгилегендей, аталган дарттын келип чыгуусуна тамакка тузду көп колдонуу жана жарым фабрикаттар себеп болушу мүмкүн.
"Эгер туура эмес азыктарды атай турган болсок, бул арзан сосискалар. Алардын курамында май көп", — деген Иванов.
Дарыгер көбүнчө бул ооруну ашыкча салмак өрчүтөрүн белгилеген. Ошондой эле углеводду азыраак колдонууну сунуштап, ал кант диабетинин экинчи түрүнө кептеши ыктымал экенин кошумчалаган.
Кардиолог жаныбарлардын майын азыраак жеп, анын ордун эт, балык жана жашылча-жемиш менен толуктоо керектигин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0