Кыш учурунда киши сүрөтка тартып жатат. Архив

Адис: смартфонду кышкысын туура колдонбосо аппараттын өмүрү кыскарат

158
Суукту өзгөчө телефондун батареясы көтөрө албасы айтылат. Ал муздап, тоңуп калган учурда жарылып же формасын өзгөртпөгөнү менен ичинде энергия топтоо мүмкүнчүлүгү азаят.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Суук аба ырайы смартфондун ишине терс таасирин тийгизет. Телефонду кыштын күнү кантип туура колдонуу керектигин Sputnik радиосунун эфиринде Computer Reseller News компаниясынын адиси Александр Маляревский айтып берди.

Адистин пикиринде, смартфонго өтө ысык жана муздак температура сөзсүз таасир этет.

"Суукту өзгөчө телефондун батареясы көтөрө албайт. Ал муздап, тоңуп калган учурда жарылып же формасын өзгөртпөгөнү менен ичинде энергия топтоо мүмкүнчүлүгү азаят", — деди Маляревский.

Ошондой эле адис кышта телефонго ысып кетүү коркунучу дагы жогору экенин айтат.

"Мисалы, үйдө, кеңседе жылыткычтар иштеп турат. Биз өзүбүз билип-билбей эле телефонду анын жанына коюп коебуз. Негизи смартфондун батареясы 60 градуска чейин ысып кеткен учурлар болот. Мындайда телефон ошол замат бузулуп, жакынкы айларда иштен чыгат", — деди ал.

Сөзүнүн аягында адис ар бир телефонду туура колдонуу шарттары жазылган баракчасын кунт коюп окуп коюуну сунуштайт. Ошондой эле кышкысын аппаратты тышкы эмес, ички чөнтөктөргө салып, жылуу кармоо керектигин эскертет.

158
Белгилер:
смартфон, кыш, батарея, адис, суук
Тема боюнча
Дарыгер: смартфондор дагы бир пандемияга себепкер болушу мүмкүн
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова

Алтын күздөгү Айсулуу! Ажары арткан балбан кыздын жаңы сүрөттөрү

14
(жаңыланган 17:03 22.10.2021)
Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү. 

Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

"№867 кыял орундалды! Алтын күз — сүрөткө түшүү үчүн сонун фон. Бала кезимден бери сары жалбырактардын фонунда фотосессия уюштурууну кыялданчумун. Муну ишке ашырууга кесиптештерим жардам беришти. Дарактар жалбырагынан ажыраганга чейинки учурду өткөрүп жибербеңиз", — деп жазган балбан кыз.

Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөттөрүнө суктанган билдирүүлөрдү калтырып, анын постун кайра бөлүшүп жатышат.

14
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, балбан, спорт, сүрөт, күз
Тема боюнча
Балбан кыздардын аты коюлган үч эм. Айсулуу Тыныбекова төрөт үйүнө барды. Сүрөт
Студенттер окуу учурунда. Архив

Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

11
(жаңыланган 16:59 22.10.2021)
Мындай чечим өлкөнүн айрым министрликтеринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караган Чек ара кызматынын макулдугу менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз бийлиги өлкөнүн билим берүү уюмдарында окуп, иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандыктардын билим берүү процессине катышуусуна уруксат берүү чечими Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча кабыл алынган.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын жогоруда айтылган жарандарынын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Анда КР мектептеринде окуган тажикстандык окуучулар, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле этникалык кыргыздар тууралуу маселе камтылган.

11
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, чек ара, Тажикстан, студенттер
Тема боюнча
Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет
Баткен: элден чогулган акча кайда жумшалып жатканы айтылды