Мэрия Бишкекте жылуулук качан берилерин маалымдады

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Жылуулук берүү чечими борбор калаанын күз-кышка даярдык көрүү боюнча штабынын отурумунда кабыл алынган.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын жашоочуларына 5-октябрга караган түнү саат 12:00дөн кийин жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим борбор калаанын күз-кышка даярдык көрүү боюнча штабынын отурумунда кабыл алынган. Ага ылайык, мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү буйрук чыгарган.
“Объектилерге жылуулук жеткирүү бир нече күнгө созулат. Биринчи болуп мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйү жана социалдык мекемелерге берилет. Экинчи кезекте турак жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер, жылуулукка карызы жок абоненттер, кышта иштөөгө шарттар түзүлгөнү тууралуу актысы бар объектилер кошулат”, — деп айтылат маалыматта.
Мэрия көп кабаттуу үйдө жашагандар жылуулук приборлорунун кранын ачып ичине топтолуп калган абаны чыгарып салууну сунуштайт. Бул жылуулуктун тез жетишине шарт түзөрүн эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0