Бийлик укпай койгон. Садыр Жапаров октябрда эл эмнеге толкуганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн митингчилер. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн митингчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы мурда парламент өкмөткө, өкмөт кайра парламентке түртө салып, президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбегенин белгилеген.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуу жасап, элдик толкундоонун келип чыгышына эмне себеп болгонун билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, адилетсиздикке байланыштуу шайлоочулардын нааразычылыгы күчөп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы катуу коюлган. Бул талапка өз учурунда жооп берилбегендиктен элдин калың катмары бийликти кулатууга мажбур болгон.
"Мындай жагдайга 2010-жылкы Конституциянын редакциясында парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду десем жаңылышпайм. Себеби пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери тизмени кызылдай эле соодалап, добуштарды сатып алуу күчөгөн. Бул саясий коррупция андан ары уланып, өкмөттү түзүү укугуна ээ болгон парламент министрлик портфелдерди бөлүшүп, дегеле аткаруу бийлик бутагын өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, талкалаган", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал парламент өкмөткө, өкмөт кайра парламентке түртө салып, президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып, жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбегенин белгилеген.
"Бардык бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү күмөн жараткан абалга кептелген. Конституциянын биринчи эле беренесиндеги "бийликтин ээси эл" деген негизги принцип одоно бузулган. Саясий партиялар коомдун тигил же бул катмарынын кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн эмес, анын башында турган саналуу адамдардын гана мүдөөсүн көздөп калган. Мындай адилетсиз түзүлүш эртеби-кечпи кулайт эле. Акыры элдин башкы мүдөөсү Конституция менен негизделип калган жоопкерчиликсиз бийликти кетирүүгө чейин жеткен. Андан тышкары, коррупциянын пандемия шартында гүлдөшү да элдин кыжырдануусун күчөтүп, бийликке болгон ишенимин биротоло жоготкон", — деп баа берди президент.
Жапаров ошол күндөрү жарандык араздашуунун оту тутанып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен душмандар сүйүнүп, достор күйүнүп турганын айтты. Бирок акылман эл, даанышман журт андай саясий чайкоочулуктан, чагымчылдыктан өзүн бийик кармай турганын көрсөткөнүн кошумчалады.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков, мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Октябрь окуяларына бир жыл… Жээнбековдун командасы учурда кайда?
Эске салсак, 2020-жылдын 5-октябрында нааразы болгон саясий күчтөр, эл “Ала-Тоо” аянтына чогулган. Алар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Кечинде эл толкуп Ак үй тарапка агылган, күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп, аларды таратууга аракет кылган. Натыйжада 6-октябрга караган эл Ак үйдү басып алган. Муну арты менен президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулатылган.
Ошол кезде легитимдүү бийлик аталган Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындады. Андан соң ал президенттин да милдетин аткарып жатты. Ал эми 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, Жапаров өлкө башчылыгына келди.
Жаңылыктар түрмөгү
0