Морфин. Архив

ММКФ онкологиялык илдети өтүшүп кеткендерге морфин акысыз экенин эске салды

21
Ооруну басаңдатуучу дары-дармек алуу үчүн тургун жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборунан кошумча маалымкат жана бейтаптын ким экенин тастыктаган документ зарыл.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) онкологиялык илдети бар жарандар мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында морфин препаратын алууга укуктуу экенин эске салды.

"Бейтаптар илдеттин терминалдык стадиясында ооруну басаңдата турган препараттарды, анын ичинде морфинди инъекция жана таблетка түрүндө алса болот. Эгер оорулуу каттоодо турган Үй-бүлөлүк медицина борборунда (Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору) отчёттук учурда акча каражаты болуп калса, препарат эки ирет берилиши мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди алуу үчүн тургун жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборунан кошумча маалымкат жана бейтаптын ким экенин тастыктаган документ зарыл. Препараттар акысыз берилет.

Ошондой эле фонддон паллиативдик жардамга муктаждар үчүн Telegram-чат ачылганын билдирди.

 

21
Белгилер:
Кыргызстан, КР Саламаттык сактоо министрлиги, онкология, бейтап, жардам
Тема боюнча
Онколог өпкө рагынын күчөп бара жаткан белгилерин айтып берди
Оюн учурунда бала. Архив

Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши

13
Психолог балада кичине кезинен эле акча тууралуу негативдүү түшүнүктөр жаралбаш үчүн каржыга байланыштуу көйгөйлөрдү айта бербеш керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баланы финансылык жактан сабаттуу болууга кантип үйрөтсө болот? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине жеке финансыны башкаруу боюнча адис Наталья Смирнова жана психотерапевт Инна Мальцева айтып берди.

Алгач Смирнова финансылык сабаттуулук тууралуу кыскача түшүндүрмө берди.

"Акчаны туура пайдалануу үчүн аны үнөмдөө жолдорун эмес, туура бөлүштүрүүнү билиш керек. Чыгашаны кирешеден ашырбай, жок эле дегенде үч айлык жашоо-тиричиликке запас акча кармаган кишини финансылык сабаттуулуктун базалык эрежелерин билет деп эсептесек болот. Дагы бир маанилүү нерсе, кредит, ипотека же башка береселерге кеткен акча кирешенин 30 пайызынан ашпашы керек", — деди адис.

Ал эми психолог балага акча жөнүндө негативдүү нерселерди кичине кезинде айтпаш керек деп эсептейт.

"Балага акча тууралуу ар бир куракта ар башкача маалымат берүү керек. Мисалы, жаңы айта баштаганда, акча кантип табыларын түшүндүрсө болот. 4-5-класстарда өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кирешеси канча экенин, анын булактарын билсе ашыкча болбойт. Ал эми жогорку класстарда окуп жүргөндө канча акча жетпей турганын, үйдө акчага байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экенин ачык айта бергиле. Бирок кичине кезинен эле "акча жок", "жетпейт" деген негативдүү түшүнүктү калыптандырбагыла", — деди Мальцева.

Ошондой эле ал окуучуга жакшы баа алганы же жардам бергени үчүн акча берүү туура эмес экенин айтат. Адистин пикиринде, балага акча ал жөн гана үй-бүлө мүчөсү экени үчүн берилип жатканын түшүндүрүү керек. Ал эми "жетишкендиктери" үчүн ата-энесинен акча алып көнгөн бала кийин дагы ар бир кылган иши үчүн тегеректегилерден бир нерсе күтүп калат.

13
Белгилер:
бала, акча, финансылык сабаттуулук, ата-эне, психология
Тема боюнча
Атаны балдардын тарбиясына кантип аралаштырса болот? Педагогдун кеңеши
Адамдын буту. Иллюстративдик сүрөт

Согончокту байка. Өпкө рагынын күтүүсүз белгиси аталды

36
Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса, анда дарыгерге көрүнүү зарыл.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Согончоктун тынбай оорушу өпкөдө шишик пайда болгонунан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Daily Express басылмасы Улуу Британиянын улуттук медициналык системасында иштеген дарыгерлердин айтымына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, рактын көп түрү, анын ичинде өпкө рагы тромбдун өрчүү тобокелчилигин жогорулатат.

"Бейтаптар согончогу ооруп жатканын айтып кайрылган учурлар катталган. Текшере келгенде алардан тромб табылган. Бул — өпкө рагынан кабар берген жалгыз белги", — деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса дарыгерге көрүнүү зарыл.

"Күнүмдүк жумуштарды жасап жатканда да катуу оорута турган болсо, бир ооруп, бир басылып ыңгайсыздык жаратса, согончоктун тушу эч нерсени сезбей калса, анда тез арада медиктерге кайрылуу керек" — деп жазылат билдирмеде.

Медиктер өпкө рагы олуттуу оору экенин айтып, башында дарт билинбей өрчүй бериши ыктымал экенин белгилешкен. Буга көбүнчө чылым чегүү себеп болору айтылды.

36
Белгилер:
өпкө, рак, белги, тромб, согончок
Тема боюнча
Буттун дароо шишип кетүүсү кандай оорудан кабар берет? Медиктин жообу
Кардиологго токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берген белгилер