Кабулда афган качкындары. Архив

Афган качкындарын АКШ кабыл алышы керек. Сурамжылоонун жыйынтыгы

67
Улуу Британиянын, Германиянын, Испаниянын, Италиянын жана Франциянын жарандары АКШнын Афганистандан аскерлерин чыгарып кетишине кандай көз карашта экенин билдиришти.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ifop компаниясынын Sputnik радиосу үчүн жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, европалыктардын көпчүлүгү афгандык качкындарды АКШ кабыл алышы керек деп эсептейт.

Респонденттер беш суроого жооп берген:

  1. Бийликке "Талибан" кыймылы келгенден кийин өлкөдөн качкан афган качкындарын Европа мамлекеттери кабыл алышы керекпи?
  2. Бийликке "Талибан" кыймылы келгенден кийин өлкөдөн качкан афган качкындарын АКШ кабыл алышы керекпи?
  3. Артка кылчайып карап, АКШ менен союздаштарынын 2001-жылы Афганистанга аскерлерин киргизишин ката деп эсептейсизби?
  4. Америкалык аскерлердин Афганистандан чыгып кетиши АКШга болгон көз карашыңызды жакшырттыбы же, тескерисинче, жаман жакка өзгөрттүбү?
  5. Сиздин жеке пикириңиз боюнча, АКШ аскерлеринин Афганистандан чыгып кетиши дүйнөлүк коопсуздуктун деңгээлин төмөндөттүбү же күчөттүбү, же мурда кандай болсо ошол бойдон калдыбы?

Сурамжылоо батыш-европалык мамлекеттер АКШнын Афганистандан аскерлерин чыгарып кетишине кандай пикирде калганын билүү үчүн жүргүзүлдү.

Артка кылчайып карап, АКШ менен  союздаштарынын 2001-жылы Афганистанга  аскерлерин киргизишин ката деп эсептейсизби?
Артка кылчайып карап, АКШ менен союздаштарынын 2001-жылы Афганистанга аскерлерин киргизишин ката деп эсептейсизби?

Немецтердин дээрлик жарымы (49 пайыз), француздар (34 пайыз) менен италиялыктардын (36 пайыз) үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү, британиялыктардын 40 пайызы жана испаниялыктардын 41 пайызы 2001-жылы Афганистанга аскерлерди киргизүү жаңылыштык болгон деп эсептейт. Ал эми француздардын 40 пайызы, немецтердин 37 пайызы, британиялыктардын 34 пайызы, италиялыктардын 46 пайызы жана испаниялыктардын 39 пайызы жоокерлерди бул өлкөгө киргизүү туура болгон деп ойлойт.

Француздардын үчтөн бир бөлүгү (35 пайыз), немецтердин 41 пайызы, британиялыктардын 43 пайызы, италиялыктардын жарымынан көбү (53 пайыз) жана испаниялыктардын дээрлик жарымы АКШнын Афганистандан жоокерлерин чыгарып кетишинен улам Америка тууралуу начар ойдо калганын билдирген.

Сурамжылоого катышкан өлкөлөрдүн жарандарынын жарымынан көбү Афганистандан аскерлердин чыгарылышы дүйнөлүк коопсуздуктун деңгээлин төмөндөткөнүн айтышкан. Француздардын жарымы (50 пайыз), немецтердин 63 пайызы, британиялыктардын жарымынан көбү (53 пайыз), испаниялыктардын 54 пайызы жана италиялыктардын 60 пайызы да ушундай пикирде.

"Талибан" бийликке келгенден кийин өлкөдөн качкан качкындарды АКШ кабыл алышы керек деп эсептеген респонденттердин саны качкындарды Европа өлкөлөрү кабыл алышы керек деп эсептегендерге салыштырмалуу көп: Францияда 63 пайыз 46 пайызга каршы, Германияда 73 пайыз 58 пайызга каршы, Улуу Британияда 75 пайыз 67 пайызга каршы, Италияда 82 пайыз 73 пайызга каршы жана Испанияда 85 пайыз 80 пайызга каршы.

Сурамжылоо 2021-жылдын 21-сентябрынан 27-сентябрына чейин онлайн-анкетаны өз алдынча толтуруу жолу менен жүргүзүлгөн. Сурамжылоо Европанын беш мамлекетинде ишке ашып, ага 18 жаштан жогорку курактагы жарандар катышкан. Жалпы жонунан 5 032 респондент сурамжылоого алынды: Франция (1002 адам), Германия (1011 адам), Улуу Британия (1004 адам), Италия (1007 адам), Испания (1008 адам).

67
Белгилер:
Sputnik, сурамжылоо, АКШ, Аскер, Афганистан, качкын
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (262)
Тема боюнча
Кабулда мечитти жардырды деген ИМ* террорчулары жок кылынды
Талибдердин бийликке келиши менен Афганистандагы ЖМКлардын 70%ы ишин токтотту
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова

Алтын күздөгү Айсулуу! Ажары арткан балбан кыздын жаңы сүрөттөрү

13
(жаңыланган 17:03 22.10.2021)
Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү. 

Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

"№867 кыял орундалды! Алтын күз — сүрөткө түшүү үчүн сонун фон. Бала кезимден бери сары жалбырактардын фонунда фотосессия уюштурууну кыялданчумун. Муну ишке ашырууга кесиптештерим жардам беришти. Дарактар жалбырагынан ажыраганга чейинки учурду өткөрүп жибербеңиз", — деп жазган балбан кыз.

Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөттөрүнө суктанган билдирүүлөрдү калтырып, анын постун кайра бөлүшүп жатышат.

13
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, балбан, спорт, сүрөт, күз
Тема боюнча
Балбан кыздардын аты коюлган үч эм. Айсулуу Тыныбекова төрөт үйүнө барды. Сүрөт
Студенттер окуу учурунда. Архив

Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

11
(жаңыланган 16:59 22.10.2021)
Мындай чечим өлкөнүн айрым министрликтеринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караган Чек ара кызматынын макулдугу менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз бийлиги өлкөнүн билим берүү уюмдарында окуп, иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандыктардын билим берүү процессине катышуусуна уруксат берүү чечими Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча кабыл алынган.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын жогоруда айтылган жарандарынын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Анда КР мектептеринде окуган тажикстандык окуучулар, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле этникалык кыргыздар тууралуу маселе камтылган.

11
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, чек ара, Тажикстан, студенттер
Тема боюнча
Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет
Баткен: элден чогулган акча кайда жумшалып жатканы айтылды