Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбаш керек. Себеби

© AFP / Arturo Holmes / Getty ImagesСитуация в США из-за коронавируса
Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Дарыгер иммунитетти көтөрөт деген препараттар жана кошулмалар ден соолукту чыңдабай эле башка ооруларга кептеши мүмкүндүгүн эскертти. Ал иммунитетти калыбына келтирүүнүн оңой жолдорун атаган.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Инфекциядан кийин эмнеге иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керектигин брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционист дарыгери Айнура Кутманова билдирди.
"Башка вирустук инфекциялар сыяктуу эле COVID-19 менен ооруганда иммундук система өзгөчө жабыркайт, кошумча таасирлер жаңы ооруларга дуушар кылышы мүмкүн. Иммуностимуляторлорду алуу иммундук системаны бузат", — деди Кутманова.
Кызыл зонада иштеген медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды
Дарыгер бир катар эрежелерди сактоо менен иммундук системаны калыбына келтирсе болорун айтат.
"Иммунитетти көтөргөн иммуностимуляторлорду, чөптөрдү жана биологиялык активдүү кошулмаларды колдонууга болбойт. Иммундук система орточо эсеп менен 2-3 айда калыбына келет. Бул үчүн 8 саат уктап, оор жумуш жасабай, туура тамактанып, сейилдеп, стресстен оолак болуу зарыл", — деди адис.
Инфекционист бейтаптардын көбү табиттин жоктугунан жабыркай турганын кошумчалаган. Буга байланыштуу белок, май, углевод, минерал жана витаминдерди камтыган оңой сиңе турган тамактарды жеп, суу ичүүнү сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0