Ысык-Көлдө тоо тарапка кетип жоголгон аял менен эркек киши аман-эсен табылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКишилер тоодо поход учурунда. Архив
Кишилер тоодо поход учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Издөө иштерине жалпы 12 адам тартылды. Алар жол узактыгынан алгач Эңилчек айылына түнөп, андан кийин эки киши жоголгон тоо тарапка бет алышкан.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 44 жаштагы эркек киши менен 45 жаштагы аял аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Алар 18-сентябрь күнү Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл деп аталган тоо тарапка кетишкен. Туугандарынын айтымында, экөө тең 28-сентябрда кайтып келиши керек болчу.
4-октябрь күнү таң эрте жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн беш куткаруучу, төрт милиционер жана жергиликтүү үч тургун тартылган. Ошол күнү саат 13:00дө Эңилчек айылына жетип түнөп калышкан. Бүгүн, 5-октябрда, саат 06:00дө куткаруу тобу Баш-Көл көлүнө барып, эркек менен аялды Теректи ашуусунан аман-эсен табышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0