Автокайгуул Радар II аппараттык-программалык көчмө комплекси. Архив

"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери

187
(жаңыланган 19:44 06.10.2021)
Көчмө комплекстер эртең мененки саат 7:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Радарлардын орду ар эки ай сайын жолдун авария көп болгон жерлерине которулуп турат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) "Автокайгуул Радар II" аппараттык-программалык көчмө комплекстери коюлган жерлердин Бишкек менен Чүйдөгү даректерин жарыялады.

ЖКККББ радарлардын ордун ар эки ай сайын жолдун авария көп болгон жерлерине которуп турат. Көчмө комплекстер эртең мененки саат 7:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Чүй облусундагы даректер:

  • Айланма жол, Бишкек — Нарын — Торугарт — 11-чакырымдан 88-чакырымга чейин;
  • Лебединовка, Ленин проспектиси;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 6,6дан 33-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 35,6дан 39-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 41ден 66,8-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 71-чакырым;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 74,7ден 100,5-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 106дан 108,5-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Кордай — 6,4төн 14-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Күнтуу — Шалта — 5тен 17,5-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Ош — 10,1ден 13,6-чакырымга чейин;
  • Алматы — Бишкек — Ташкент — 251-чакырым;
  • Петровка — "Нарзан" булагы — 7ден 14-чакырымга чейин;
  • Кепер-Арык — Сосновка — Кызыл-Дыйкан;
  • Бишкек — "Ала-Арча" жаратылыш паркы — Кашка-Суу айылы;
  • Лебединовка — Айланма жол — ГЭС-5;
  • Биримдик Кут конушу;
  • Бишкек — "Чалдыбар" посту — 71-чакырым;
  • Төмөнкү Ала-Арча конушундагы Киргизская көчөсү;
  • Бишкек — "Манас" аэропорту — 19-чакырым.
  • Көчмө комплекстердин Бишкектеги даректери:
  • Боталиев, 242;
  • Арча-Бешик конушундагы Садырбаев көчөсү;
  • Ак-Өргө конушундагы Барпы Алыкулов көчөсү;
  • Профсоюзная көчөсү;
  • Лев Толстой;
  • Жибек жолу, 291;
  • Жибек жолу, 71;
  • Байтик баатыр, 14;
  • Ахунбаев — Көпүрө базар;
  • Кожобергенов;
  • Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүнүн Курсант менен кесилишкен жери;
  • Көк-Жар конушундагы Достоевский көчөсүнүн "Улан" лицейи менен кесилишкен жерде;
  • Ауэзов, 41;
  • Тоголок Молдо, 273 жана 249;
  • Күйүкова, 42а;
  • Масалиев көчөсүнүн Бакаев менен кесилишкен жери;
  • Фрунзе, 83.
187
Белгилер:
Бишкек, Чүй облусу, радар, Коопсуз шаар, дарек
Тема боюнча
"Коопсуз шаардын" экинчи этабы үчүн Мониторинг борбору даярдалды. Сүрөт
"Коопсуз шаар — 2". Кыргызстандын төрт шаарына камера орнотулду
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев

Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт

3
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев акимдердин аймактарда "хан" болуусуна "жаран өзү туулуп өскөн аймакта аким боло албайт" деген норма жол бербей турганын белгиледи.

Акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейиши — бул чоң жоопкерчилик. Аны эбегейсиз бийлик катары баалоонун өзү жаңылыштык. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт

Анын айтымында, эми акимдерден кемчилик кетсе түз эле сөз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке тиет.

"Райондук администрациясынын жетекчиси аймактарда "хан" болуп алат дегенге макул эмесмин. Биринчиден, мыйзамда жаран өзү туулуп өскөн аймакта жетекчилик кызматты аркалай албай турганы жазылган. Бул фундаменталдуу нерсе. Анткени ротация менен башка аймакка барып алып түшпөс жетекчи болууга эч кандай негиз жок. Акимдердин эң негизги максаты — президенттин саясатын жер-жерлерге жеткирип, аймакты өнүктүрүү боюнча милдеттерди аткаруу. Экинчиден, акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейишинин аркасында чоң жоопкерчилик бар. Себеби мындан ары акимдер, жергиликтүү жетекчилер кемчилик кетирсе түз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке сөз тиет. Анын үстүнө бүгүнкү күнү коомчулук кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарды ишке ашырууга жол бербейт. Ошондой эле мыйзамда акимдерди иштен алуу механизми так көрсөтүлгөн. Эгерде алар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү, мыйзамдарды аткарбаса, ишенимден кетсе иштен алынат", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал мыйзам бийлик вертикалынын бекемдей турганын кошумчалады.

3
Белгилер:
Данир Иманалиев, аким, мыйзамдар, аймактар
Тема боюнча
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

6
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына катышууга үмүтү чоң экендигин айтты.

Бокс боюнча Токио Олимпиадасына тандап алуунун эрежеси пандемияга байланыштуу өзгөрүп, тиешелүү упай жетпей ири турнирге катыша албай калдым. Бул тууралуу Азат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

Ал тажрыйбаны арттыруу максатында окуу-машыгуулардын санын көбөйтүп жана сапатын жакшыртуу зарыл экенин белгилеген.

"Буга чейинки тажрыйбамды колдонуп, дагы бир олимпиадалык циклде күчүмдү сыноону чечтим. Негизи Олимпиадага катышуу үчүн боксто эки квалификациялык мелдеш бар. Тилекке каршы, мен бирөөнө катышып, экинчисине барарда пандемияга байланыштуу упай менен эсептөө эрежесин киргизишти. 2017-жылы дүйнө чемпионатына катыша албай калганым үчүн беш упай жетпей Токио Олимпиадасынан кол жууп калдым. Эгерде биринчиликке катышканымда 15 упай берилмек. Менин ордума филиппиндик боксчу катышып, Токиодо экинчи орунду камсыз кылды. Эми келе жаткан Париж Олимпиадасына жакшы даярданып, лицензия алам деп ишенип турам", — деди Үсөналиев.

Ошондой эле спортчу боксту өнүктүрүү үчүн аймактарда бокс залдарын ачып, жаш таланттарга көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

6
Белгилер:
Азат Үсөналиев, спорт, бокс, олимпиада, Париж
Тема боюнча
Чемпионго 100 миң доллар! Дүйнө чемпионатына барчу КР боксчулары аныкталды