Энергетиктер: кыргызстандыктар электр кубатын чегинен аша колдонууда

© AFP / PHILIPPE HUGUENЭлектр жабдыктары. Архив
Электр жабдыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
5-октябрь күнү өлкө боюнча ченелген электр энергиясынын көлөмү 32 миллион 476 миң киловатт-саат экенине карабай, 39 миллион 908 миң киловатт-саат колдонулуп кеткен.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Республика боюнча колдонулган электр энергиясынын көлөмү кескин көбөйдү. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынан билдирди.
Компания калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат. 5-октябрь күнү өлкө боюнча ченелген электр энергиясынын көлөмү 32 миллион 476 миң киловатт-саат экенине карабай 39 миллион 908 миң киловатт-саат колдонулуп кеткен.
Мекеменин маалыматына караганда, сентябрь айында пайдаланылган электр энергиясы нормадан 890 миллион киловатт-саатка ашып кеткен.
"Токтогул суу сактагычында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз. Зарыл болбогон учурда электр жабдууларын иштетпей эле коюу туура болот”, — деди компаниянын директору Жолдошбек Ачикеев.
Буга чейин Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктар электр энергиясына берилген чектен ашып кетип жатканын айтып, бул кышкысын жарык менен камсыздоо иштерине тоскоолдук жаратарын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0