Бишкек мэриясы ТЭЦти өз балансына ала алабы? Калаа башчысынын жообу

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖылуулук электр борбору. Архив
Жылуулук электр борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Акылбек Жапаров келерки жылы ТЭЦ Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлөрүн кулак кагыш кылган.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ, ТЭЦ) өз балансына алууга мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Жунушалиев брифинг учурунда билдирди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал ТЭЦти өткөрүп берүү маселеси министрлер кабинетинин кризиске каршы көрүлчү чаралардын планына киргенин айтты.
"Азыркы тапта маселе каралып жатат. Биз анын бардык аспектилерин, каржылоо жана сактоо эле эмес, пайдалануу жактарын да карап чыгышыбыз керек. ТЭЦтин ишин камсыз кыла турган адистер, кызматтар болушу зарыл. Тейлөөнү колго алууга Бишкек мэриясынын мүмкүнчүлүгү жок. Биз муну ачык эле моюнга алышыбыз керек. Менимче, бул келечектин маселеси. Өткөрүп берүү боюнча маселе азыркы учурда же келерки жылы каралбайт", — деген мэр.
Заместитель главного инженера Бишкекской ТЭЦ Нурлан Кулжыгачев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Радио
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
Шаар башчысы ошондой эле "Бишкек жашылдандыруу чарбасы", "Бишкек жарык" жана "Тазалык" сыяктуу кызматтардын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлгөнүн, алар өз милдеттерин толук аткарбай жатканын кошумчалады. Бардык кызматтардын иши нукка салынып, ТЭЦти тейлей ала турган абалга келгенде өткөрүп берүү маселеси талкууланат.
Эске салсак, жайында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Акылбек Жапаров келерки жылы ТЭЦ Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлөрүн кулак кагыш кылган. Учурда Жылуулук электр борбору "Электр станциялары" ишканасынын карамагында.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0