Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев. Архив

Бишкек мэри таштандыны рекультивациялоо келишими эмнеге бузулганын түшүндүрдү

92
Евразиялык реконструкция жана өнүктүрүү банкы рекультивацияга 22 миллион евро бөлгөн, анын 10,5 миллиону сарпталган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев таштанды полигонун рекультивациялоо боюнча долбоорду ишке ашырып жаткан компания тийиштүү көлөмдөгү ишти аткарбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, Евразиялык реконструкция жана өнүктүрүү банкы рекультивацияга 22 миллион евро бөлгөн, анын 10,5 миллиону сарпталган.

"Баарыбыз эч нерсе өзгөрбөгөнүнө күбө болуп жатабыз. Тендерди өткөрүүгө байланыштуу бардык маселелерди көтөрдүк. Эстониялык компаниянын конкурста жеңгени бизди абдан таң калтырды. Себеби сайттарды карап көрүп буга чейин тиричилик таштандылары жана таштанды полигону менен иштешкенин таба албай койдук. Бирок алар тендерден утуп кеткен. Бир дагы иштин тийиштүү көлөмү аткарылган жок. Мындан улам эстониялык компанияга келишимди бузуу боюнча билдирүү жөнөттүк", — деди мэр.

Калаа башчысы юридикалык процесстер чоюлуп жатканын айтып, подрядчы компаниянын багыттарынын бири юридикалык кызмат көрсөтүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле маселе укуктук талаада чечилерин жана полигон "экологиялык коркунуч" жараткан абалда турганын кошумчалады.

Мэр белгилегендей, эстониялык компанияны инвестор деп айтуу жаңылыштык. Себеби алар ишке бир тыйын салган эмес. Компания подрядчы жана аткаруучу болуп эсептелет.

Полигон окуясы

2017-жылдын 10-июлунда мэрия таштанды полигонун жаап, андагы таштандыны рекультивация жасоо үчүн эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы менен келишим түзгөн. Келишимдин суммасы 1 миллион 596 миң 900 евро болчу.

2021-жылдын 11-июнунда "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров Бишкек шаардык таштанды жайынын рекультивация иштери токтотулганын Sputnik агенттигине билдирген.

"Жаңы полигондун курулушуна 7,5 миллион евро, кийин дагы 1,5 миллион евро бөлүнмөк. Келишимге ылайык, биз эстониялык кесиптештерге таштандынын бардыгы рекультивация болгондон кийин каражатын төлөп беришибиз керек болчу. Бирок подрядчылар инфляция болуп күтүлбөгөн чыгымдар көбөйгөнүнө байланыштуу кошумча дагы 1 миллион 300 евро төлөп берүүнү суранышты", — деген Назаров.

Ал бул сумманы суроого негиз жок экенин айтып, маселе боюнча даттануу үчүн юристтер чакырылганын кошумчалаган.

92
Белгилер:
Бишкек, таштанды, полигон
Тема боюнча
Өрттөйт, көмөт, ыргытат... Кыргызстандыктар таштандыдан кантип арылат
Whatsapp логотиби. Архивдик сүрөт

Программист мессенжердеги жазышууну толугу менен кантип өчүрүү керектигин айтты

16
Адистин айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мессенжердеги маалыматты өчүрүү өтө кыйын, жазышууларды тазалагандан кийин дагы иштеп чыгуучунун серверинде калып калат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "ИТ-Резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедов айтып берди.

Анын айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат. Ал түшүндүргөндөй, жазышууда система билдирүүнү алгач иштеп чыгуучунун инфраструктурасына жиберет, андан кийин гана маектешип жаткан кишиге жөнөтүлөт.

"Жазышууну уюлдук телефондон же башка жактан өчүрүүнүн пайдасы жок. Муну менен аны түп-тамырынан бери өчүрө албайбыз", — деди программист.

Адистин айтымында, маалыматтарды ортомчусуз алмашууга мүмкүн, ал үчүн атайын программаларды көчүрүү керек. Маселен, peer-to-peer протоколдору боюнча иштеген программалар бар.

16
Белгилер:
программист, жазышуу, өчүрүү
Тема боюнча
Facebook өзүнө таандык WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды окуйт. Максаты
WhatsApp сүрөт менен видеону сапаттуу жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт
Москва шаары. Архивдик сүрөт

Эртең "Көл" тасмасы Москвада көрсөтүлөт

17
"Көл" — драмалык жанрда Ысык-Көлдө тартылган тасма. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эртең, 25-октябрда, Москва шаарында кыргызстандык режиссёрдун "Көл" аттуу кинофильми алгачкы ирет көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлады.

Картина РФтин Кинематографисттер союзунун Кино үйүндө Россиядагы кыргыз кино күндөрүнүн алкагында коюлмакчы.

Кирүү акысыз, каалоочулар бул тиркеме аркылуу каттоодон өтүп коюшу керек.

"Көл" — драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган кинокартина. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган. Фильм бир катар эл аралык сыйлыктарга көрсөтүлүп, жеңүүчү да болгон.

17
Белгилер:
Москва, 'Көл' тасмасы, бет ачар, маданият, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео
Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео