Момбеков: кышка эмес, кадрга кам көрүшкөн, Чүйдүн жарымы жарыксыз отурат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Эл өкүлү министрлер кабинетинин төрагасы күз-кышка даярдык үчүн ар бири жооп берерин айтканын эскертип, тийиштүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков күз-кышка даярдык көрүлбөгөнүн айтып, энергетиктерди сынга алды.
Эл өкүлү бүгүнкү күндө пландык өчүрүү деген шылтоо менен Чүйдүн жашоочуларынын жарымы жарыксыз отурганына токтолуп, оңдоо иштери суук түшкөндө эмес, жайында жасалышы керектигин белгиледи.
"Бир-эки күн суук болуп, кыламык кар жаады эле күз-кышка даярдык нөл экени билинип калды. Болот деген суу болгон жок, толот деген суу Токтогулга толгон жок, базада көмүр жок, толгон элде көңүл жок дегендей. Жетекчилердин жеке жоопкерчилигин карай турган мезгил жетти. Ширшов Кыргызстанга келиптир деп жатышат, кеп анын схемасы киргенинде болуп жатпайбы. Кеп Ширшовдун кадамында эмес, анын адамында. Мына Ширшовдун убагындагыдай электр кубатын өчүрүү башталды", — деди Момбеков.
Ошондой эле ал министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов күз-кышка даярдык үчүн ар бири жооп берерин айтканын эскертип, тийиштүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Көмүр кымбаттоодо. Бишкек мэри бааны көзөмөлдөөнү тапшырды
"Булар кышка кам көрбөй, кадрга кам көргөн. Бүтүндөй райондук электр станциялардын башчысын алмаштырышкан. Бүгүн ошонун запкысын эл тартып жатат. Көмүр жок, свет жок. Мындан улам жаңы конуштарда суу да жок болууда. Эл "атам экөөбүзгө бир ыштан, кантип чыгам бул кыштан" деп элеңдеп калбадыбы. Көмүр таппай элдин баары көчөдө калбадыбы. Азыр өкмөттүн кышка даярдыгын эмес, чабалдыгын караш керек", — деди депутат.
Соңунда Момбеков Жогорку Кеңеш энергетика тармагындагы "эрксиз кызматкерлердин" баарын кетирүү боюнча "токтом токуп" президентке сунуш берүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0