Шереметьево аэропортунда кармалып турган 100дөй кыргызстандык. Себеби

© Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в РоссииШереметьево аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар
Шереметьево аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Түшкү саат бирге чейин мекендештердин баары өткөрүлгөн. Азыр аба майданда бир жаран кармалып турат.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Москванын Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын 100гө чукул жараны кармалып туруп, Бишкек убактысы менен саат 13.00гө чейин баары өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирип, кырдаалга түшүндүрмө берди.
© Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в РоссииМоскванын Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын 100гө чукул жараны кармалып туруп, Бишкек убактысы менен саат 13.00гө чейин баары өткөрүлдү
Москванын Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын 100гө чукул жараны кармалып туруп, Бишкек убактысы менен саат 13.00гө чейин баары өткөрүлдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Москванын Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын 100гө чукул жараны кармалып туруп, Бишкек убактысы менен саат 13.00гө чейин баары өткөрүлдү
© Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в РоссииДипломатиялык өкүлчүлүктүн үч кызматкери аталган аба майданга барып, мекендештерге жардам берген.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн үч кызматкери аталган аба майданга барып, мекендештерге жардам берген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн үч кызматкери аталган аба майданга барып, мекендештерге жардам берген.
1/2
Москванын Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын 100гө чукул жараны кармалып туруп, Бишкек убактысы менен саат 13.00гө чейин баары өткөрүлдү
2/2
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн үч кызматкери аталган аба майданга барып, мекендештерге жардам берген.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн үч кызматкери аталган аба майданга барып, мекендештерге жардам берген.
"Жарандар ФСБнын Чек ара кызматы тарабынан текшерүү иштеринен улам кармалып турушту. Мындай абал Россияга кирүү уруксатынан ажыраган кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын өзгөртүп жаткандыгына байланыштуу. Чек ара кызматы өлкөгө киргендердин Россияда тыюу салынган уюмдарга тиешесинин бар-жогун аныктоодо", — деп түшүндүрдү элчилик.
Аэропортто суткалап кармалып турган кыргызстандыктарды тамак-аш менен камсыздоо өтүнүчү келтирилген.
Бишкек убактысы менен саат 10.00дөн 13.00гө чейин кыргызстандыктардын баары өткөрүлүп, бир жаран боюнча кошумча териштирүү зарылдыгы жаралганы белгилүү болду.
Элчиликтин кызматкерлери азыр аба майданда.
Жаңылыктар түрмөгү
0