Ош шаарынын стилин иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Жеңүүчү 100 миң сом алат

© Фото / Михаил ДудинДостопримечательности города Ош
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Жеңүүчүгө 100 миң сом, экинчи орунду ээлегенге 50 миң сом берилет. Сынакка катышуучу эмгектер 1-ноябрга чейин берилиши зарыл. Сынактын жыйынтыгы 5-ноябрда чыгарылат.
Ош шаарынын мэриясы калаанын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн Ош — Silk Road Provider деген аталышта сынак жарыялады. Шаар мэри Алмаз Мамбетовдун буга байланышкан кайрылуусу муниципалитеттин социалдык баракчасына чыкты.
Сынактын шарттары:
  • конкурска Кыргызстандын резиденттери жана резиденти болбогон юридикалык жана жеке жактар катыша алышат;
  • катышуучулардын жаш курагы чектелбейт;
  • бүткөн долбоорлорду тапшыруунун акыркы мөөнөтү 1-ноябрь саат 18:00гө чейин;
  • визуалдаштыруу боюнча сынакка катышуу үчүн берилген эмгектер jpeg форматында болушу керек;
Ош брендинин визуалдаштыруу боюнча сунуштардын саны чектелбейт;
  • техникалык тапшырма алуу үчүн катышуучу толук аты-жөнүн, телефон номерин жана электрондук почта аркылуу maksatchaki@mail.ru e-mail дарегине "Техникалык тапшырма" деп белгилеп, сурам жөнөтүшү керек;
  • иштелип чыккан долбоордук эскиздерди аты-жөнүн жазып жана "Бренд города ОШ" деп белгилөө менен maksatchaki@mail.ru дарегиндеги почтага жиберүү керек. Сынакка жиберилгендер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
  • сынакта жеңген эмгектер авторлор менен түзүлгөн келишимден кийин мэриянын менчиги болуп калат;
  • катышуучулар өз эмгектерин комиссиянын талабы боюнча Corel Draw, jpeg, pdf форматтарында тапшырышы керек.
Жеңүүчүгө 100 миң сом, экинчи орунду ээлегенге 50 миң сом берилет. Сынактын жыйынтыгы 5-ноябрда чыгарылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0