Бишкекте айрым маршруткалардын саны көбөйтүлөт. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги маршруткалар. Архив
Бишкектеги маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Шаардыктар мэрияга акыркы учурда коомдук транспорт кеч келип, анысы аз келгенсип токтобой кетип жатканын айтып даттанууда.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкекте айрым линиянын маршруткаларынын саны көбөйөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аба ырайынын кескин сууктап, коомдук автоунаага түшкөндөр арбыганына байланыштуу Шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспорттун санын көбөйтүү чечимин кабыл алды.
"Акыркы учурда шаардыктар коомдук транспорт кеч келип, ал тургай айрым учурда токтобой кетип жатканын айтып даттанууда", — дешти мэриядан.
Мындан улам эл ташуу менен алектенген бир нече ишкана линияга чыгуу графигин өзгөрткөнү айтылды. Алар № 120, 195, 200 жана 106 маршруттар. Буга чейин токтотулган № 9 автобус маршрутун бир аз өзгөртүп, кайрадан иштей баштады.
Айдоочулар тараптан мыйзам бузуулар болсо мэрия шаардыктарды (0312) 53 36 48 номерине кайрылууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0