Энергетиктер эл кыдырып, үйүн электр кубаты менен жылыткандарды аныктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз жылытуу батареясынын жанында. Архив
Кыз жылытуу батареясынын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Эгерде үйдө бөлмөлөрдү электр энергиясы менен жылытууга уруксаты жок болсо, анда адистер электр жылыткычтарга пломба коёт.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери электр энергиясын уруксатсыз жылытуу үчүн колдонгон абоненттерди аныктоо үчүн үйлөрдү кыдырат. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандыктардын үйүн текшерүү суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле электр кубатын лимиттин чегинде керектөөнү көзөмөлдөө максатында жүргүзүлөрү белгиленет.
"Түндүк электр" абоненттердин уруксат берилген кубаттуулуктагы электр жарыгын пайдалануусун жана техникалык талаптарды сактоосун көзөмөлдөө боюнча үйлөрдү кыдырат. Эгер электр энергиясын жылуулук үчүн колдонууга уруксат жок болсо, анда адистер электр жылыткычтарга пломба коёт", — деп айтылат маалыматта.
Компания мындай чара күзгү-кышкы мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында колдонуларын белгиледи. "Түндүк электр" абоненттерди электр энергиясын туура жана үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0