Канттагы аскер базасы жети балалуу үй-бүлөгө жардам берди. Сүрөт
10:35 08.10.2021 (Жаңыртылды: 22:33 16.12.2021)
© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"Канттагы Россиянын бириккен аскер базасынын кызматкери
© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"
Жазылуу
Россиялык аскерлер бүлөгө азык-түлүк, жылуу кийим жана балдарга керектүү буюм-тайымдарды жеткирип беришкен.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Канттагы Россиянын бириккен аскер базасынын кызматкерлери турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөгө жардам беришти. Бул тууралуу аталган базанын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"Канттагы Россиянын бириккен аскер базасынын кызматкерлери турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөгө жардам беришти
Канттагы Россиянын бириккен аскер базасынын кызматкерлери турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөгө жардам беришти
© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"
Жашы жете элек жети баласы бар үй-бүлө аскер кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Россиялык аскерлер аларга азык-түлүк, жылуу кийим жана балдарга керектүү буюм-тайымдарды жеткирип беришти.
Канттагы Россиянын бириккен аскер базасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери аз камсыз болгон бүлөлөргө эле эмес, балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго да колдоо көрсөтүп келет.