Президент Садыр Жапаров. Архив

Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады

331
(жаңыланган 14:03 08.10.2021)
Өлкө башчысы Мээримдин дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде эң жогорку чеберчиликти көрсөткөнүн өзгөчө белгилеген.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде 68 килограмм салмактагылар арасында чемпион болгон Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчы Facebook баракчасына жазды.

Өлкө башчысы Мээримдин дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде эң жогорку чеберчиликти көрсөткөнүн өзгөчө белгилеген.

"Мээрим — биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң! Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык!" — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын утуп, экинчи ирет чемпион болгон. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов жана Айпери Медет кызы коло медаль утушкан.

Бүгүн дүйнө чемпионатынын алтынчы күндөгү мелдештери өтүп, анда грек-рим күрөшүнүн балбандары ат салышат. Кыргызстандын курама командасы спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында алган медалдардын саны боюнча жарышта учурда 5-орунда келе жатат.

331
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, куттуктоо, Мээрим Жуманазарова, күрөш, дүйнө чемпионаты
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Садыр Жапаров Айсулуу баштаган балбандарды жеңиши менен куттуктады
Колдон келбеген нерсе жок! Мээрим Жуманазарованын жеңиштен кийинки видеомаеги
Атаандаштары кезектешип сүрөткө түшүп. Жуманазарованы сыйлоо аземинен видео
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Германияда бойго бүтүүдөн коргоочу инновациялык аппарат ойлоп табышты

3
Аппаратты эркектин жыныстык органына жакын алып келип, бир аз убакытка иштетип кармап туруу керек. Андан чыккан ультраүндүү толкундар бел суунун активдүүлүгүн эки айга чейин токтотуп коёт.

БИШКЕК, 22-окт. – Sputnik. Германиялык дизайнер Ребекка Вайс адистер менен биргеликте эркектин уругунун активдүүлүгүн басаңдатып, бойго бүтүүдөн сактай турган аппарат ойлоп тапты. Бул тууралуу National Geographic Россия басылмасы жазды.

Жаңы аппарат эркектин уругунун активдүүлүгүн ультраүндүү толкундар менен басаңдатып коёт.

"Аппаратты эркектин жыныстык органына жакын алып келип, бир аз убакытка иштетип кармап туруу керек. Бул процедураны эки апта бою кайталоо зарыл. Андан чыккан ультраүндүү толкундар бел суунун активдүүлүгүн эки айга чейин токтотуп коёт. Тагыраак айтканда, урук энелик бездер менен биригип жаңы жашоо жарата албай калат. Бирок анын ден соолукка зыяны жок", — деди Вайс.

Аппаратты иштеп чыккандар алардын табылгасы үй-бүлөнү пландоодо көптөр күткөн жакшы жардамчы болот деп эсептейт.

"Азыркы бойго бүтүп калуудан коргоочу каражаттар бардык эле түгөйлөргө жага бербейт. Ден соолукка дагы залакасын тийгизиши мүмкүн. Мисалы, мага бул идея өзүм жатын моюнчасынын рагына кабылгандан кийин келди. Көп жылдар бою сактануу үчүн гормоналдык дары-дармектерди ичип жүрүп, кийин дартка чалдыктым", — деди адис.

Негизинен ушул сыяктуу аппарат буга чейин жаныбарларга колдонулуп келген, дизайнер аны адамга ылайыктап жасап чыккан. Бирок аны расмий түрдө сатыкка алып чыгуу үчүн клиникалык сыноодон өткөрүү керек.

Баса, идеянын автору бул табылгасы үчүн мыкты инженердик долбоорлорго ыйгарыла турган Жеймс Дайсон атындагы эл аралык сылыкка ээ болду.

3
Белгилер:
Германия, аял, эркек, ден соолук, тукум
Тема боюнча
Окумуштуулар аялдар төрөттөн кийин канча жылга картая турганын айтты
Кабул шаары. Архив

Электростанциядагы жарылуудан улам Кабул толугу менен жарыксыз калды

114
(жаңыланган 23:18 21.10.2021)
Өлкөнүн Мамлекеттик энергетикалык корпорациясы электр кубатын өткөрүүчү зымдар иштен чыкканын маалымдаган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаары жана башка бир катар провинциялар жарыксыз калды. Бул тууралуу Афганистандын Мамлекеттик энергетикалык корпорациясы билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын түндүк-батышындагы электростанцияда жарылуу болгон. Анын кесепетинен электр кубатын өткөрүүчү зымдар иштен чыккан.

114
Белгилер:
Кабул, электр энергиясы, жарылуу, өчүрүү
Тема боюнча
Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай
Афганистанда полиция имаратынын жанында жардыруу болду