Элчилик мигранттардын Санкт-Петербургда кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРосгвардиянын кызматкери полициянын автоунаасын жанында. Архив
Росгвардиянын кызматкери полициянын автоунаасын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Россия ИИМи менен министрликтин Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында Санкт-Петербург шаарында 400 чет элдикти текшерген.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында чет элдиктердин массалык түрдө текшерилиши боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, Россия ИИМи менен министрликтин Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында Санкт-Петербург шаарында 400 чет элдикти текшерген.
"Алардын арасындагы Кыргызстандын бир жараны миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы аныкталды. Анын Россиядан чыгарылышы күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Москванын Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын 100гө чукул жараны кармалып, кийин акыры бардыгы өткөрүлгөн. Жарандар ФСБнын Чек ара кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринен улам кармалып турушкан. Мындай абал Россияга кирүү уруксатынан ажыраган кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын өзгөртүп жаткандыгына байланыштуу экени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0