Бишкекте сасык тумоого кабылгандар көбөйдү. Вакцинаны кайдан алса болот

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүШприц кармап турган дарыгер. Архив
Шприц кармап турган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Бишкек шаары сасык тумоого каршы россиялык өндүрүштөгү "Гриппол плюс" вакцинасынын 14 685 дозасын алды. Учурда тобокел тобуна киргендер биринчи эмделип жатат.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы күндүн кескин сууктаганына байланыштуу курч респиратордук вирустуу оорулар күч алганын кабарлады.
Акыркы бир жумада эле 1466 адамдын сасык тумоо менен ооруганы аныкталган. Ал эми 2020-жылдын ушул мезгилинде 805 кишиден катталган эле.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаары сасык тумоого каршы россиялык өндүрүштөгү "Гриппол плюс" вакцинасынын 14 685 дозасын алды.
Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору биринчи кезекте төмөнкү топтогу жарандарга эмдөө жүргүзөт:
  • балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына;
  • тез-тез ооруп жүргөн балдарга;
  • карылар жана майыптар үйлөрүндөгү жарандарга;
  • 65 жаштан ашкандарга;
  • тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, БМСЖда иштегендерге.
Ошондой эле сасык тумоого каршы эмдөө жеке медициналык борборлордо дагы акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Клиникалардын тизмеси:
  • "Малыш";
  • "Гиппократ";
  • "Эдельвейс";
  • "Кроха";
  • "Поликлиника 312";
  • KG медициналык борбору;
  • ЦАДМИР;
  • "Интермедикал".
Мында эмдөөнүн баасы 450 сомдон 700 сомго чейин барат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, коронавирус инфекциясына жана сасык тумоого каршы эмдөөлөрдүн аралыгы кеминде 14 күн болушу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0