Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучусу Нурбек Изабеков

Медаль, курдун баарын устатына тагып. Алкыш айткан чемпион кыздардын сүрөтү

2081
Ийгилик жараткан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы машыктыруучулары Нурбек Изабеков жана Байгазы Кенжебаев менен чогуу түшкөн сүрөттү жарыялады.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатын олжолуу жыйынтыктаган кыргызстандык балбан кыздар күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

  • Кыргызстанские спортсменки Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова и Айпери Медет кызы на чемпионате мира в Осло
    Күрөш боюнча дүйнө чемпионатын олжолуу жыйынтыктаган кыргызстандык балбан кыздар күйөрмандарына ыраазычылык билдирди
    © Фото / предоставлено Айсулуу Тыныбековой
  • Кыргызстанские спортсменки Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы с тренерами Нурбеком Изабековым и Байгазы Кенжебаевым на чемпионате мира в Осло
    Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасына сүрөттөрүн жүктөп, пост жазган. Анда Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы машыктыруучулары Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев менен чогуу сүрөткө түшкөн
    © Фото / предоставлено Айсулуу Тыныбековой
  • Тренер женской сборной по борьбе Нурбек Изабеков на чемпионате мира в Осло
    Бир кадрдан уткан медаль, курларын устаты Изабековго тагып коюшканын көрүүгө болот
    © Фото / предоставлено Айсулуу Тыныбековой
1 / 3
© Фото / предоставлено Айсулуу Тыныбековой
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатын олжолуу жыйынтыктаган кыргызстандык балбан кыздар күйөрмандарына ыраазычылык билдирди

Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасына сүрөттөрүн жүктөп, пост жазган. Анда Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы машыктыруучулары Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев менен чогуу сүрөткө түшкөн. Бир кадрдан уткан медаль, курларын устаты Изабековго тагып коюшканын көрүүгө болот.

"Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө биринчилиги биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик. Ал эми кыргызстандыктар мындан да көп медалга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз", — деген билдирүү жасады Тыныбекова.

Ошондой эле ал бул жеңиштерге жетүүдө эң маанилүү ролду ойногон жалпы машыктыруучуларына жана командасына терең ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар кыргызстандыктарга жана жалпы күйөрмандарга колдоосу үчүн таазим эткен.

2081
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, сүрөт, күрөш, балбан, медаль
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Көксөөсүнө шакирттери жетти. Алтын кыздардын "атасы" Нурбек Изабеков тууралуу 10 факт
Атаандаштары кезектешип сүрөткө түшүп. Жуманазарованы сыйлоо аземинен видео
Ашык салмак менен киши. Архив

ДССУ коронавирустан улам адамдардын толуп жатканына тынчсызданууда

9
Эксперт адамдар мурдагыдай шам-шум этпей эле тамакты тое жеп алып жатканын айткан. Карантин маалында үйдө болгондордун тамактануу убактысы да, нормасы да бузулган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын фонунда салмак кошкон адамдар көбөйгөнүн айтып, тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу эл аралык уюмдун өкүлү Кремлин Викрамасингхе маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды.

ДССУнун инфекциялык ооруларды алдын алуу боюнча Европадагы кеңсесинин башчысы Викрамасингхенин билдиришинче, туура эмес тамактануу толуп кетүүгө гана эмес, коронавирустун өрчүп кетишине да алып келет.

"Азыр бизди тамактануу маселеси тынчсыздандырып жатат. Карантин маалында эл үйдө болду, үйдөн иштеди, анан тамактануунун нормасы менен убактысы бузулду. Мурдагыдай базарга барып жаңы жашылча-жемиш, азык-түлүк ала албай калды", — деген ДССУнун өкүлү.

Ал аралыктан окуган балдар менен өспүрүмдөр да туура эмес тамактанып жатканын белгилеген. Эксперт адамдар кээде мурдагыдай шам-шум этпей эле тое жеп алып жатканын айткан.

9
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, коронавирус, тамактануу, салмак
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда, депрессияга кабылгандар көбөйдү. Изилдөө
Холестеринди жок кыла турган азыктар аталды
Оюн учурунда бала. Архив

Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши

17
Психолог балада кичине кезинен эле акча тууралуу негативдүү түшүнүктөр жаралбаш үчүн каржыга байланыштуу көйгөйлөрдү айта бербеш керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баланы финансылык жактан сабаттуу болууга кантип үйрөтсө болот? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине жеке финансыны башкаруу боюнча адис Наталья Смирнова жана психотерапевт Инна Мальцева айтып берди.

Алгач Смирнова финансылык сабаттуулук тууралуу кыскача түшүндүрмө берди.

"Акчаны туура пайдалануу үчүн аны үнөмдөө жолдорун эмес, туура бөлүштүрүүнү билиш керек. Чыгашаны кирешеден ашырбай, жок эле дегенде үч айлык жашоо-тиричиликке запас акча кармаган кишини финансылык сабаттуулуктун базалык эрежелерин билет деп эсептесек болот. Дагы бир маанилүү нерсе, кредит, ипотека же башка береселерге кеткен акча кирешенин 30 пайызынан ашпашы керек", — деди адис.

Ал эми психолог балага акча жөнүндө негативдүү нерселерди кичине кезинде айтпаш керек деп эсептейт.

"Балага акча тууралуу ар бир куракта ар башкача маалымат берүү керек. Мисалы, жаңы айта баштаганда, акча кантип табыларын түшүндүрсө болот. 4-5-класстарда өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кирешеси канча экенин, анын булактарын билсе ашыкча болбойт. Ал эми жогорку класстарда окуп жүргөндө канча акча жетпей турганын, үйдө акчага байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экенин ачык айта бергиле. Бирок кичине кезинен эле "акча жок", "жетпейт" деген негативдүү түшүнүктү калыптандырбагыла", — деди Мальцева.

Ошондой эле ал окуучуга жакшы баа алганы же жардам бергени үчүн акча берүү туура эмес экенин айтат. Адистин пикиринде, балага акча ал жөн гана үй-бүлө мүчөсү экени үчүн берилип жатканын түшүндүрүү керек. Ал эми "жетишкендиктери" үчүн ата-энесинен акча алып көнгөн бала кийин дагы ар бир кылган иши үчүн тегеректегилерден бир нерсе күтүп калат.

17
Белгилер:
бала, акча, финансылык сабаттуулук, ата-эне, психология
Тема боюнча
Атаны балдардын тарбиясына кантип аралаштырса болот? Педагогдун кеңеши