Билгендер кабарлап койгула. Милиция издеп жаткан жигиттин сүрөтү

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКиши. Архив
Киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Жоголгон 26 жаштагы Касымбековдун II топтогу майып экендиги жана психологиялык оорудан жапа чегери айтылды.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Панфилов районунун 26 жаштагы тургуну Жеңишбек Касымбеков 14-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондуктан милиция ага издөө салды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Ал өткөн айдын жарымында үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча кайрылып келген эмес.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиПанфилов районунун 26 жаштагы тургуну Жеңишбек Касымбеков 14-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондуктан, милицияга ага издөө салды
Без вести пропавший Женишбек Касымбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Панфилов районунун 26 жаштагы тургуну Жеңишбек Касымбеков 14-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондуктан, милицияга ага издөө салды
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, кой көз, чачы кыска, кара.
Кийими: көк түстөгү футболка, кара өңдөгү чолок шым жана көк түстүү жайкы тапичкечен болгон.
Өзгөчө белгилери: II топтогу майып (психологиялык оорудан жапа чегет).
Эгерде бул адам туурасында билгендер же аны көргөндөр болсо, тартип сакчылар Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмүнүн (0312) 60-79-89, (0312) 43-88-85 телефондоруна, Панфилов райондук милициясынын (0312) 60-77-27 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0