Мэрия: көмүр боюнча ажиотаж жок, спекулянттарга милиция чара көрөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКөмүр кампасындагы экскаватор. Архив
Көмүр кампасындагы экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Мэрия отун базарында ажиотаж жок дегени менен кечээ, 7-октябрда, кезекке туруп, көмүр күткөн кардарлар Sputnik агенттигинин кабарчысына нааразычылык билдиришкен.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкектеги отун базаларында Казакстандын "Шабыркүл", "Кара-Жыра" жана Кыргызстандын "Кара-Кече" маркасындагы көмүрлөрү бар. Жалпы жонунан отун базарында ажиотаж жок. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка караганда, отун базаларындагы көмүрдүн бар-жогун аныктап, баасына мониторинг жүргүзүү үчүн борбор калаанын мэриясынын жетекчилиги Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен биргеликте көчмө жыйын уюштурган.
"Казакстандан келген көмүрдүн тоннасы 4500 сомдон сатылууда. Ал эми жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4900-5000 сомго чейин жетип жатат. Кара-Кеченин көмүрүнүн баасын жеке жактар жасалма жол менен кымбаттатып жатышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү көмүрдүн баасын жөнгө салуу үчүн мэрия Экономика жана финансы министрлигине чара көрүүнү суранып кат жолдогону айтылды.
"Ал эми баалардын жасалма жол менен өсүшү боюнча маселенин үстүндө укук коргоо органдары иш алып барат", — деди мэриядан.
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Радио
Жакыпов: Алай районунда жаңы көмүр бассейни ачылат
Учурда жеткирүү графигине ылайык, шаардыктарга сатуу үчүн 1-2 күндүн ичинде болжол менен 1600 тонна көмүр жеткирилиши күтүлүүдө.
Мэрия отун базарында ажиотаж жок дегени менен кечээ, 7-октябрда, кезекке туруп, көмүр күткөн кардарлар Sputnik агенттигинин кабарчысына нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, сатуучулар кара алтындын тоннасына 5500 сом сурап жатышат. Анысы аз келгенсип, көмүр тартыштыгы жаралып, ала албай базарды сагалап отурушканын белгилешкен. Жарандардын видеосун материалдан көрүңүздөр.
Жаңылыктар түрмөгү
0