Бишкектеги Лев Толстой көчөсү. Архив

Эскертүү! Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

132
(жаңыланган 16:17 17.10.2021)
Муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 14-октябрдан 17-октябрга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, көчөдөгү кыймыл жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн убактылуу токтотулат.

"Лев Толстой көчөсү 2020-жылдын октябрь айында реконструкцияланган. Бирок кепилдик мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу подрядчы компания аны өз эсебинен кайра оңдоп берет", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия айдоочуларга Анкара көчөсү аркылуу жүрүп турууну сунуштады. Ошондой эле муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.

132
Белгилер:
Бишкек мэриясы, оңдоо, Лев Толстой көчөсү
Тема боюнча
165 млн. бөлүнгөн. Марипов Төө-Ашуудагы жолдун оңдолуп жатканын көрдү. Сүрөт
Көмүр. Архив

Бишкектин жанындагы айланма жолдо көмүрдү кымбаттатып саткандар аныкталды

0
12-октябрдан тарта Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Ага ылайык бир тонна көмүр 4 400 сомдон ашпашы керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу көмүр саткан жайлар текшерилип, сатуучулар бааны көтөрүп салганы аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Текшерүүгө бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

"Баалар көтөрүлүп кеткенин көрдүк. Сатуучулар бир тоннасына 5 миң сомдон сурап жатыптыр. Монополияга каршы орган эскертүү берди. Көмүр калкка эң кымбат дегенде 4 400, жүктөп берсе 4 500 сомдон сатылышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Сатуучулар мыйзамды бузуу менен мындан ары дагы бааны жогорулатса, жоопко тартылары айтылды.

 

0
Белгилер:
Бишкек, көмүр, баалар, текшерүү, кымбатчылык
Тема боюнча
Кыргызстандын ар тарабында көмүр канчадан сатылууда? Инфографика
Жакыпов: "Кыргыз көмүр" ишканасынын жеке лабораториясы жок
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова

Алтын күздөгү Айсулуу! Ажары арткан балбан кыздын жаңы сүрөттөрү

27
(жаңыланган 17:25 22.10.2021)
Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү. 

  • Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү
    © Фото / Гала Бокова
  • Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот
    © Фото / Гала Бокова
1 / 2
© Фото / Гала Бокова
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү

Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

"№867 кыял орундалды! Алтын күз — сүрөткө түшүү үчүн сонун фон. Бала кезимден бери сары жалбырактардын фонунда фотосессия уюштурууну кыялданчумун. Муну ишке ашырууга кесиптештерим жардам беришти. Дарактар жалбырагынан ажыраганга чейинки учурду өткөрүп жибербеңиз", — деп жазган балбан кыз.

Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөттөрүнө суктанган билдирүүлөрдү калтырып, анын постун кайра бөлүшүп жатышат.

27
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, балбан, спорт, сүрөт, күз
Тема боюнча
Балбан кыздардын аты коюлган үч эм. Айсулуу Тыныбекова төрөт үйүнө барды. Сүрөт