Кыргызстандык уста Ишенбек Жакыпбеков

Бул киши жок дүйнөдө бир да бильярд чемпионаты өтпөйт. Уста Жакыпбековдун маеги

194
(жаңыланган 17:21 09.10.2021)
Кыргызстандык Ишенбек Жакыпбеков жасаган столдордо бир канча дүйнө чемпионаттары өткөн. Тапкычтыгы менен дүйнөгө таанылган инсан аталган спортко киргизген жаңычылдыгы, жетишкендиктери, алдыдагы пландары тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

Ар бир дүйнөлүк чемпионаттан кийинки конференциядан соң бильярддагы жаңылыктар, столдор тууралуу талкуу болот. Стандарттар боюнча чоң талкууда Ишенбек Жакыпбеков көп жаңылыктарды сунуштап, көбү кабыл алынган. Адегенде президиумга мүчө болуп, кийин федерациянын вице-президенти болуп шайланган. Жакыпбеков столдордун техникалык жактарын көзөмөлгө алат. Ири мелдештердин баары кыргызстандык устасыз өтпөйт. 

— Ишенбек мырза, сиздин колдон чыккан бильярд столдорунда дүйнө чемпионаттары өткөнү белгилүү. Кайсы дүйнө чемпионатында ойнолуп, анан кантип эл аралык деңгээлде популярдуу болуп кеткени тууралуу айтып берсеңиз?

— Так эсимде жок, биринчи жолу 2010-жылдарга чейин бир мелдеште мен жасаган бильярд столдору коюлган. Кийин 2012-жылы Бишкекте өткөн дүйнөлүк мелдеште, Тюмень шаарында, Ханты-Мансийскиде, 2016-жылы жана 2019-жылы Бишкекте өткөн дүйнө чемпионатындагы беттештер мен жасаган столдордо ойнолду.

2014-2016-жылдары Россиянын Ростов шаарында командалык дүйнө чемпионаты өтүп, катышуучулардын көпчүлүгү мелдештеги столдордун начар экенин айтып сындашкан. Буга Бүткүл дүйнөлүк бильярд федерациясынын башкы катчысы Яков Фирсов көңүл буруп, оюнчулар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Көпчүлүгү Бишкекте өткөн дүйнө биринчилигиндеги столдор мыкты болчу деп айтышкан экен. Анан дүйнөлүк федерация мага кайрылды. Макул болуп, Тюменде өткөн дүйнө чемпионатына столдорду коюп бердим. Ошондон тарта белгилүү болуп кеттим окшойт.

Мастер бильярдных столов Ишенбек Жакыпбеков в офисе Sputnik Кыргызстан. 04 октября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандык Ишенбек Жакыпбеков жасаган столдордо бир канча дүйнө чемпионаттары өткөн

— Орус бильярдындагы столдордун стандарттарын иштеп чыккансыз, кандай өзгөчөлүк киргиздиңиз эле?

— Бильярд столдорун жасаган фабрикалардын баары эле бирдей стандартта чыгарбайт. Столдун тор баштык (луза), жээк тактайдын (борт) резиналары сыяктуу тетиктердин көпчүлүгү Кытайдан чыгат. Алар заказ алып келген киши айткан чен өлчөм менен чыгара беришет. Белгилүү бир норма жок. Дүйнөдө бильярд столдорун чыгарган эки ири завод — бири Беларустагы "РуптуР", анан россиялык "Старт" фабрикасы бар. Аларда да чен өлчөмдөрдүн көп параметрлери бири-бирине окшошпойт. Ошондуктан 2017-2018-жылдары ушул маселени көтөрүп чыккам. Кийин буга катуу маани бериле баштады. Ири конференцияда мен киргизген сунуштардын, варианттардын көпчүлүгү туура деп кабыл алынган.

Мисалы, луза бурч болуп кесилет, бурулушунун градусу буга чейин ар кандай өлчөнгөн. Россияда 7-8 градус эле. Мен аны үч градуска түшүрдүм. Анткени 7 градустагы лузага каптал жагынан урулган шар кирип кетет. Орус бильярдында мындай болбош керек деп түшүндүрүп, далилдегем. Азыр мен киргизген чен өлчөмдөр менен жасалып келет. Бул Россиянын Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Павел Завальныйдын жазган макаласында көрсөтүлгөн. Анда ал "орус бильярдынын стандарттарынын негизги параметрлери Ишенбек Жакыпбеков аркылуу иштелип чыккан" деп айткан.

— Столдун бортун алюминийден жасап жаңылык киргизген экенсиз. Бул идея кайдан?

— Негизи столдун эң эле көп жабыркап, тез талкалана турган жери — бул борту. Шар тиет, оюнчулар кий менен уруп алышат, өздөрү жөлөнөт. Жээк тактай үч жылда же беш жылда, ашып барса жети жылда жарактан чыгат. Аны оңдоп же алмаштырыш керек болуп калат. Кытайлар бортко пластик каражат чаптап койгон ыкманы ойлоп табышты. Бул столдун пайдалануу мөөнөтүн төрт-беш жыл узарта алды. Ал да убактылуу. Анан мага бортту алюминийден жасаса кандай болот деген ой келди. Бардык параметрин, чийиндерин чийип, алюминий заводдорго кайрылдым. Ага матрица керек болот экен. Аны жасатуу үчүн дүйнө кездим. Мындайлар Россия, Кытай, Түркия жана Италияда жасалат экен. Көңүлүмө жаккандай, баасын да арзан кылып Италиядан жасап беришти. Аны менен алюминийден борт куйдуруп чыгара баштадым.

Россиянын бильярд адистеринин бири "Кыргызстандан келген столдор өмүр бою пайдаланууга кепилдик берет" ("Столы с Киргизии гарантия на всю жизнь") деген аталышта макала жазыптыр. Бул металлдан жасалган бортко берилген баа болсо керек...

Вице-президент Федерации бильярдного спорта Ишенбек Жакыпбеков на пресс-конференции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жакыпбеков: 2014-2016-жылдары Россиянын Ростов шаарында командалык дүйнө чемпионаты өтүп, катышуучулардын көпчүлүгү мелдештеги столдордун начар экенин айтып сындашкан

— Жаңы столдор биринчилерден болуп кайсы мелдеште коюлду? Бильярдчылар эмне дешти? Столдорду "Ишен" деп атаган турбайсызбы.

— Ал өзүнчө бир окуя. Муну жасаарын жасап алып, столду кайда коёрумду билбей 1,5-2 жылдай жүрдүм. Эч жерге коюла элек болгондуктан баары эле баш тартышкан. Кийин суранып жатып Бишкекте бир жайга койдум. Ал жерге мыкты бильярдчыларды чакырып, оюнчуларга сунуштап жүрүп элге тааныттым. Спортчулар ойноп көргөндө эле жактырышты.

2018-жылы Россиянын Тюмень шаарында "Эркин пирамида" түрүнөн дүйнөлүк мелдеш болгону калды. Алюминий столдорду коёлу деп федерация жетекчилерине кайрылдым. Адегенде ишенишпей, кийин макул болушкан. Столдор коюлду, мелдеш беш күнгө созулду. Оюн бүткөндөн кийин катышуучулардын айрымдары келип, бильярд столунун борту кандай жыгачтан жасалган деп сурашкан. Ал алюминий десем түшүнбөй, бортту көрсөтүп бул жерин айтып жатам деп кайра сурашкан да. Көрсөтүп далилдегенден кийин баары таң калышкан. Азыр Россиянын көп жерлеринде ушундай металл кеңири жайылды.

Бир жылы Россияда дүйнө чемпионаты болмок. Мен бильярд столдор менен камсыздадым. Мелдештин башталарына бир күн калганда даярдык текшерилип, Бүткүл дүйнөлүк бильярд федерациясынын башкы катчысы Яков Фирсов өзү столдорду карап көрдү. Анан жаныма басып келип, "бул столдорду ким жасаган?" деп сурап калды. Болбосо менин жасаганымды билет. Мен жасагам десем, ким койду дейт. Мен койдум дедим. "Эч жеринде логотиби жок го, бүгүн кечке чейин тезинен логотип ойлоп таап, чаптап чыгыңыз" деп тапшырма берди. "Мага анын кереги жок" дедим. Айтымында, мелдешти жети миллионго жакын киши көрөт экен. Ошонун жок дегенде бир миллиону ал жазууга кызыгып, анын жок дегенде 10-20 миңи "аа, бул столду кыргызстандык чебер Ишенбек деген киши жасаган турбайбы" деп билип алса, бул эч качан зыян болбойт, эгер жасабасаң, анда мен өзүм "Ишен" деп даярдатып, чаптаттырып коем" деди. Көрсө, ал киши болжолдуу логотип да даярдаган экен. Аны көбөйттүк дагы столдордун баарына чаптап чыктык. Кийин эле "Ишен", "Ишендин столдору" деп сүйлөп калышты.

— Азыр деле суроо-талап барбы?

— Снукер түрү боюнча спорт сүйүүчүлөрдүн арасында дүйнөлүк чемпионатка стол заказ кылып калышты. Снукердин шарларынын диаметри кичине, 52,7 миллиметр болот, лузанын ичи 92 миллиметр. Бурчтары да бурулуш ыкмада кесилет. Стандарттары, эрежелери орус бильярдынан таптакыр башка. Ойлонуп жооп берейин дедим да, параметрлерин карап чыктым, эки айдай ошону менен жашап калдым. Бардык тарабын өздөштүрүп, жасап, уюштуруучуларга жиберсем көп устанын ичинен менин жасаганым жагыптыр. Буюртма беришти, жасап бердим. Бирок пандемиядан улам мелдеш өтпөй калды. Санкт-Петербургда бир ири ишкер ошол столдорду коюп, бильярд клуб ачып алыптыр. Аны Беларустан ышкыбоздор барып көрүп жактырышып, жасап бериңиз деп заказ беришти. Мындан сырткары, Россия, Казакстандын шаарларынан заказдар келип, жасап жибергем.

Мастер бильярдных столов Ишенбек Жакыпбеков в офисе Sputnik Кыргызстан. 04 октября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жакыпбеков: бильярд столдорун жасаган фабрикалардын баары эле бирдей стандартта чыгарбайт

— Столдун астына төшөлүүчү жалпак ташты (плита) кайдан аласыз?

— Ал ташты графит плитасы деп коёт, бирок сырты окшош болгону үчүн эле ошентип аталып калган. Негизи ал сланец деген таш. Китептин барагы сыяктуу эле кат-кат, катмар-катмар болуп турат. Жардырбай, кесип, анан ажыратып алынат. Аны дүйнө бильярд столуна ылайыктап, кесип, үч гана жерде жасайт. Мен анын экөөнө бардым. Заводдун бири Кытайдын Наньчан деген провинциясынын борборунан 200 чакырымдай алыстыкта Пхентан аттуу кичинекей шаарчадагы тоодо экен. Дүйнөдө эң көп таш чыккан жер —  ошол жер. Анан Италиянын Неаполи шаарындагы тоодо бар. Бирок ал жерде завод кичирээк экен. Экөөнө тең барып көрдүм. Үчүнчүсү Бразилияда дешти, ал жакка барган жокмун.

Негизи Кыргызстанда деле андай таш болушу мүмкүн. Мен кызыгып, Кыргызстандагы геологдордон сурап көрдүм. Изилденген жерлерде жок дешти. Негизи атайын максат менен издеген эч ким болбосо керек.

— Өзүңүздүн негизги кесибиңиз эмне?

— Мен кесибим боюнча инженер-куруучумун. Кыргызстандагы Политехникалык институттун курулуш факультетин "өнөр жай жана жарандык курулуш" адистиги боюнча аяктагам. Көп жыл ошол окуу жайда сабак берип иштедим. 1982-жылы илимдин кандидаты болуп, 1991-жылы докторлук диссертация жактап жатканда Союз тарап кетип, аягына чыкпай калды. Кийин анын зарылчылыгы деле болгон жок.

Ыраматылык Табылды Эгембердиев экөөбүз дос элек. Эс алганда такай бильярд ойночубуз. Бир имарат бөлүп, ошол жерге бир бильярд стол жасабайсыңбы деп калды. Анан ар тараптан изилдеп көрүп, азыр россиялыктар айтып жүргөн суперстоунду (бетон дон ташты) мен ошол кезде жасагам. Столду коюп ойноп жүрсөк, башкалар көрүп жасап бер деп заказ кылып калышты. 1995-жылдары окутуучунун айлыгы канча болгону белгилүү да. Ошол кезде бир столду жасап сатып тапкан каражат ЖОЖдогу доценттин жети жылдык маянасына барабар болгон. Ал буюртмаларды жасап берип бүткөнчө дагы беш-алты жактан заказ бергендер чыгып, ошону менен азыркыга чейин жасап келем.

— Бильярд столдорун бизнес, баюу же акчалуу болуу максатында эмес, жаңылык киргизүү үчүн жасайм дегениңиз бар...

— Акча тапкым келсе Кытай, Италияга чапкылап, өзүмдү кыйнап, убактымды коротуп не кереги бар? Менин эң башкы максатым — орус бильярдынын стандарттарына жаңылык киргизүү.

194
Белгилер:
бильярд, спорт, стандарт, Ишенбек Жакыпбеков
Тема боюнча
Каныбек Сагынбаев баштаган бильярдчылар Кремль кубогу мелдешине катышууда
Whatsapp логотиби. Архивдик сүрөт

Программист мессенжердеги жазышууну толугу менен кантип өчүрүү керектигин айтты

11
Адистин айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мессенжердеги маалыматты өчүрүү өтө кыйын, жазышууларды тазалагандан кийин дагы иштеп чыгуучунун серверинде калып калат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "ИТ-Резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедов айтып берди.

Анын айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат. Ал түшүндүргөндөй, жазышууда система билдирүүнү алгач иштеп чыгуучунун инфраструктурасына жиберет, андан кийин гана маектешип жаткан кишиге жөнөтүлөт.

"Жазышууну уюлдук телефондон же башка жактан өчүрүүнүн пайдасы жок. Муну менен аны түп-тамырынан бери өчүрө албайбыз", — деди программист.

Адистин айтымында, маалыматтарды ортомчусуз алмашууга мүмкүн, ал үчүн атайын программаларды көчүрүү керек. Маселен, peer-to-peer протоколдору боюнча иштеген программалар бар.

11
Белгилер:
программист, жазышуу, өчүрүү
Тема боюнча
Facebook өзүнө таандык WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды окуйт. Максаты
WhatsApp сүрөт менен видеону сапаттуу жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт
Москва шаары. Архивдик сүрөт

Эртең "Көл" тасмасы Москвада көрсөтүлөт