Жапаров: Бирназар бий түп атам болот, ар бир жаран ал сыяктуу кызмат кылсын

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Бүгүн Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын ар бир жараны жана өлкө жаштары элге, мекенге ак кызмат кылган Бирназар бийден үлгү алышсын. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатырдын 300 жылдыгына арналып өтүп жаткан иш-чарада билдирди.
Мамлекет башчы Бирназар бий анын жетинчи муундагы түп атасы болорун айткан.
Президенттин маалымат кызматы тараткан релизде Жапаров баатырдын өмүр жолун айтып бергени жазылган.
Өлкө башчынын айтмында, Бирназар бий болжол менен 1719-1720-жылдары жарык дүйнөгө келген. Ал мезгилде атасы Алдаш бий түштүк жергесинде жашап, өз бийлигин жүргүзүп турган чагында капысынан кайтыш болуп, 25 жашка жаңыдан караган Бирназар ата бугу элине бий болуп шайланган.
"Атасы Алдаш Белек уулу бугу уруусунун таасирдүү бийи болсо, чоң атасы Белек Жамангул уулу узак жылдар бою бугу элинин ханы кызматын аркалаган. Бийдин уулдары Эсенаман менен Муратаалы бугунун бийи кызматын аркалашса, небереси Тилекмат көрүнүктүү элчи, чөбүрөсү Чыныбай Каракол уездинин орун басары — Ысык-Көлдүн султаны катары кыргыз элине ат көтөргүс эмгек сиңиришкен", — деди Жапаров.
Бирназар бийдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Садыр Жапаров Жети-Өгүзгө барып Бирназар бийдин эстелигин ачты
Мындан сырткары, ал тарыхый маалыматтарга таянып Бирназар бий XVIII кылымдын соңу, XIX кылымдын башында бугу кыргыздарын башкаруу тизгинин колуна алып, дээрлик бир кылым бою калмактардын каарынан улам түштүк жергесин байырлаган Нарын, Чүй, Көл, Талас элин түштүк жергесинен көчүрүп келгендердин көч башында турган инсан болгонун белгилеген. Аны кыргыздын сарыбагыш, солто, саруу элдеринин аттуу-баштуу бийлери менен бай-манаптары, казак султандары менен өзбек феодалдары ар тараптуу колдоого алып турушканын айтты.
Соңунда президент Бирназар бийдин урпактары Жети-Өгүз районунда, Тоңдо, Кытайда жана Түп аймагында жашаарын билдирген.
Садыр Жапаровдун сөзү толугу менен президенттин сайтына жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0