Кар басып калган автоунаа. Архив

Автоунааны кышка даярдоодо биринчи эмнелер маанилүү. Эксперттин кеңеши

340
(жаңыланган 18:18 09.10.2021)
Автоунаа боюнча адистер биринчи иретте майын алмаштырып жана суук түшөр алдында темир тулпарды диагностикадан өткөрүү керектигин айтышты.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Автоунааны кышка даярдоодо биринчиден диагностикадан өткөрүп жана салон чыпкалагычын алмаштыруу керек. Бул туурасында Ura.ru басмылмасына эксперттер айтып бергендигин РИА Новости жазды.

"Синие ведерки" коомчулугунун координатору Петр Шкуматов мөөнөтү жете элек болсо да чыпка майын алмаштырып коюу керектигин эскерткен. Адистин айтымында, бул транспорт жүз миң чакырым жүргөндөн кийин баары бир жасап койчу профилактикалык иштердин бири.

Ал дизель майы менен жүргөн темир тулпарлардын ээсине өзүнчө кеңеш берген.

"Эгерде дизель көп кетпесе, азыраак эле айдасаңыз, бакта жайкы май калып калышы мүмкүн. Мындай болгондо ал коюуланып кетет", — деп түшүндүргөн адис.

Дагы бир эксперт Вячеслав Субботин кышкы жолго чыгар алдында аз болсо да машыгып алуу ашыктык кылбастыгын айткан.

"Финляндиялыктардай кылса болот. Алар картка отурат да, эки-үч сессия жүрүп келишет. Болду, чукул кырдаалдагы айдоочулук ыкчамдык, тажрыйбалар эске түшүп, калыбына келип калат", — деген Субботин.

Тажрыбайлуу адамдар, мындан сырткары, автоунааны диагностикадан бир өткөрүп коюуну сунуштайт. Дисктердин, тормоздук колодканын, системанын абалын, суюктуктарды, жылыткычтын иштешин жана термостатты текшерип коюу зарыл дейт.

Буга чейин "За рулём" журналынын башкы редактору Максим Кадаков кышка даярдык учурунда көңүл бура турган нерсе — аккумуляторду карап чыгуу зарыл экендигин айтып берген эле.

340
Белгилер:
Россия, автоунаа, кыш, даярдык, адис, кеңеш
Тема боюнча
Кышкы дөңгөлөктү кантип туура тандоо керек. Эксперттин кеңеши
Россияда айдоочулар 1-октябрдан тарта жаңы эреже менен техкөзөмөлдөн өтөт
Лампочка. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин 21 көчөсүндө электр энергиясы болбойт. Тизме

37
Адистер пландалган оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөрүн, электр кубаты кыска мөөнөткө өчөрүн кабарлашты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-октябрда, Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы өчүрүлөрү күтүлүп жатат. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар эл жашаган үйлөрдөгү тийиштүү тармактарды техникалык кароодон өткөрүп, зарылдыгы болгон жерлерде трансформаторлорду алмаштырары айтылды.

Төмөнкү сааттарда жана төмөнкү аймактарда электр кубаты өчүрүлөт:

  • 8:00 - 17:00 — Проскуряков көчөсүнүн тилкесинде;
  • 9:00 - 17:00 — Токтоналиев көчөсүндөгү № 54 үйдө;
  • 9:00 - 18:00 — Дэн Сяопин проспектинин, Месарош, 9-январь, Орозов, Жамгырчинов, Кайназарова көчөлөрүнүн, Гатчинск кууш көчөсүнүн тилкелеринде, Арча-Бешик ( Чатыр-Көл көч.), Ак-Босого ( Чүй 16-21, 31-34, 39-41, Түлөбердев көч.) конуштарында;
  • 9:30 - 12:00 — Ала-Тоо, Жукеев-Пудовкин, Медеров, Карасаев көчөлөрүнүн, Гвардия, Кокан, Вишнев  кууш көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 9:30 - 16:00 — 5-кичи райондо (№ 59-61, 63 үйлөр);
  • 9:30 - 17:00 — 3-кичи райондо (№ 25 үйдө);
  • 9:30 - 19:00 — Элебесов көчөсүнүн, Дорожный чолок көчөсүнүн тилкелеринде жана Кайыңды конушунда;
  • 14:00 -17:00 — "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында.
37
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, өчүрүү
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы
 Лев Толстой көчөсү. Архивдик сүрөт

Иш бүтө элек. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү эртең да жабык болот

24
(жаңыланган 16:41 17.10.2021)
Жол бүгүн ачылышы керек болчу. Бирок мэрия автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу көп убакытты талап кылганын жана иш дагы көп экенин айтты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү дагы бир күн жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет буга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү 14-октябрдан 17-октябрга чейин жабыларын айткан. Көчөдөгү кыймыл жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн убактылуу токтотулган. 

Схема ремонта улицы Льва Толстого в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Лев Толстой көчөсүндө болуп аткан оңдоо иштери
"14-октябрда автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу узак убакытты талап кылган. Ошондой эле иштин көптүгүнөн жумуш бүтпөй жатат", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.

Лев Толстой көчөсү 2020-жылдын октябрь айында реконструкцияланган. Бирок кепилдик мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу подрядчы компания аны өз эсебинен кайра оңдоп берет.

24
Белгилер:
Бишкек, Лев Толстой көчөсү, көчө, жабуу, реконструкция
Тема боюнча
Бишкектин конуштарында курулуп жаткан объектилердин картасы пайда болду

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

0
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

0
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады