Көмүр түшүрүү

Октябрда көмүр былтыркыдан 16 пайызга кымбаттады. Аймактарда канчадан сатылууда

388
Кара алтындын наркы бир жылдын аралыгында Кербен шаарында бир тоннасы 2 603,1 сомго, Жалал-Абадда 1 652,1 сомго жогорулаган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети көмүрдүн баасы орто эсеп менен былтыркыдан 16,1 пайызга өскөнүн маалымдады.

Статистикада импорттук жана жергиликтүү көмүр 7-октябрга карата өлкөнүн 18 калк жашоочу аймагында канчадан сатылып жатканы жазылган. Ага ылайык, бир тоннасы 715,8 сомго кымбаттаган.

Эң арзан көмүр Чаек айылында (бир тоннасы 2 500 сом), Балыкчыда (4000 сом) жана Токтогулда (4373,2 сом) сатылууда. Ошол эле учурда эң жогорку баа Ноокатта (8 390,2 сом), Баткенде (8 377,7 сом) жана Исфанада (6 500 сом) байкалды.

Кара алтындын наркы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен шаарында (бир тоннасы 2 603,1 сомго же 1,7 пайызга), Жалал-Абадда (1 652,1 сомго же 34,7 пайызга), Нарында (1000 сомго же 28,6 пайызга) жана Баткен калаасында (тоннасы 1 739,6 сомго же 26,2 пайызга) кымбаттаган.

Ал эми Талас шаарында 61,8 сом же 1,1 пайызга арзандаган.

388
Белгилер:
көмүр, баа, аймак, Улуттук статистика комитети
Тема боюнча
Министрлер кабинети көмүргө бирдиктүү баа киргизүү маселесин карап жатат
Көмүр капчыктарды жылытабы? Россиялык отун Европага эмнеге кымбатка түшүүдө
Сом купюралары жана моенаталары. Иллюстративдик сүрөт

Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене

12
(жаңыланган 16:36 28.10.2021)
Жаңы кодекс ишке кирсе Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компанияларга, интернет-дүкөндөргө салык салына баштайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясы "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык" деген глава менен толукталды. Бул норма интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат.

Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.

Салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы, кодексти иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Нурлан Умтулов бул эки топко бөлүнөрүн билдирди.

Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (12 пайыздык ставка) төлөйт. Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилди, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогерлер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10 пайыздык ставка менен киреше салыгын төлөйт.

"Учурдагы салык мыйзамдары боюнча деле блогерлер салык төлөшү керек. Себеби алар кызмат көрсөтүү үчүн акча алып, пайда таап жатпайбы. Андыктан блогерлер да милдеттүү. Болбосо жеке ишкер катары катталып бирдиктүү салык (4 пайыздык ставка менен — ред.) төлөшү керек", — деди Жумалиев.

Салык кодексинин долбоорунун маалыматтык негиздемесинде учурда электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салык салууну башкаруу мүмкүн эместиги, колдонуудагы мыйзамдарда салыктын ушул түрү каралбаганы белгиленген.

Жаңы Салык кодексинин долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Аны 2022-жылдын 2-январынан тарта колдонууга чыгаруу пландалууда.

12
Белгилер:
салык кодекси, блогер, электрондук коммерция, интернет-дүкөн
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси

Чыгыштын сулуулары Египеттеги кинофестивалдын кызыл килеминде. 15 сүрөт

11
  • Кинофестивалга келген ливандык ырчы Майя Диаб
  • Саудиялык белгилүү теле алып баруучу Лоджайн Омран кызыл килемде бут кийимин чечип жатат
  • Египеттик модель Хеба Эль-Сиси кинофестивалдын алкагында тасма көрсөтүү учурунда
  • Кызыл килемде сүрөткө түшүп жаткан египеттик модель Энджи Кеван
  • Тунистик теле жылдыз Ильхем Шейер фотосессия учурунда
  • Кинофестивалдын жылдыздары ЖМК өкүлдөрү менен маектешип жатышат
  • Египеттик актриса Нагля Бадр
  • Египеттик актриса, фестивалдын негиздөөчүсү жана башкы директор Бушра Розза кызыл килемде
  • Сириялык актриса Несрин Тафеш кызыл килемде сүрөткө түшүп жатат
  • Иорданиялык актриса, теле алып баруучу жана ырчы Маис Хамдан
  • Египеттик актриса Энджи Киван фильмдин каарманындай кийинип келген
  • Египеттик актриса Маяр Эль Гити жана анын сиңдиси Мэй
  • Фатма Нассер. Тунистик актриса
  • Саудиялык теле алып баруучу Лоджайн Омран
  • Тунистик актриса Дорра Заррук кинофестивалдын кызыл килеминде
Октябрдын орто ченинде Египеттин Эль-Гуна курорттук шаарында бешинчи кинофестиваль өттү. Иш-чара сегиз күнгө созулду.

Кинофестивалдын программасында 50дөн ашык тасма көрсөтүлдү. Маалыматка ылайык, "Титаникти көргүсү келбеген сокур адам" ("Слепой, который не хотел смотреть "Титаник") аттуу фин тасмасы жеңүүчү деп табылган. Анын авторлору баш байге "Алтын жылдызга" жана 50 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушкан.

Омар Эль Зохайринин "Перьям" тасмасы эң мыкты араб фильми деп табылды.

11
  • Кинофестивалга келген ливандык ырчы Майя Диаб
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Кинофестивалга келген ливандык ырчы Майя Диаб

  • Саудиялык белгилүү теле алып баруучу Лоджайн Омран кызыл килемде бут кийимин чечип жатат
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Саудиялык белгилүү теле алып баруучу Лоджайн Омран кызыл килемде бут кийимин чечип жатат

  • Египеттик модель Хеба Эль-Сиси кинофестивалдын алкагында тасма көрсөтүү учурунда
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Египеттик модель Хеба Эль-Сиси кинофестивалдын алкагында тасма көрсөтүү учурунда

  • Кызыл килемде сүрөткө түшүп жаткан египеттик модель Энджи Кеван
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Кызыл килемде сүрөткө түшүп жаткан египеттик модель Энджи Кеван

  • Тунистик теле жылдыз Ильхем Шейер фотосессия учурунда
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Тунистик теле жылдыз Ильхем Шейер фотосессия учурунда

  • Кинофестивалдын жылдыздары ЖМК өкүлдөрү менен маектешип жатышат
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Кинофестивалдын жылдыздары ЖМК өкүлдөрү менен маектешип жатышат

  • Египеттик актриса Нагля Бадр
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса Нагля Бадр

  • Египеттик актриса, фестивалдын негиздөөчүсү жана башкы директор Бушра Розза кызыл килемде
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса, фестивалдын негиздөөчүсү жана башкы директор Бушра Розза кызыл килемде

  • Сириялык актриса Несрин Тафеш кызыл килемде сүрөткө түшүп жатат
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Сириялык актриса Несрин Тафеш кызыл килемде сүрөткө түшүп жатат

  • Иорданиялык актриса, теле алып баруучу жана ырчы Маис Хамдан
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Иорданиялык актриса, теле алып баруучу жана ырчы Маис Хамдан

  • Египеттик актриса Энджи Киван фильмдин каарманындай кийинип келген
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса Энджи Киван фильмдин каарманындай кийинип келген

  • Египеттик актриса Маяр Эль Гити жана анын сиңдиси Мэй
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Египеттик актриса Маяр Эль Гити жана анын сиңдиси Мэй

  • Фатма Нассер. Тунистик актриса
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Фатма Нассер. Тунистик актриса

  • Саудиялык теле алып баруучу Лоджайн Омран
    © AFP 2021 / Ammar Abd Rabbo / El Gouna Film Festival

    Саудиялык теле алып баруучу Лоджайн Омран

  • Тунистик актриса Дорра Заррук кинофестивалдын кызыл килеминде
    © AFP 2021 / Patrick Baz / El Gouna Film Festival

    Тунистик актриса Дорра Заррук кинофестивалдын кызыл килеминде

Белгилер:
сүрөт, Египет, кинофестиваль
Тема боюнча
"Кыргызстан сулуусу" болом деген перилер. Сулуулук сынагынан 12 сүрөт
Сынынан кетпеген Моника Беллуччи 57 жашта. Актрисанын көз талдырган сүрөттөрү
Ааламдын эң узун аялдары. 12 сүрөт