Өткөн суткада 93 кишиден COVID табылып, бир бейтап көз жумду

© Sputnik / Дмитрий АстаховОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталган. Азыркы тапта 449 киши ооруканаларда дарыланууда.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 93 кишиден коронавирус табылып, 66 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 71;
  • Чүй облусу – 6;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 281ге жетти. Анын ичинен 174 019 адам дартты жеңген. Кечээтен бери COVID бир бейтаптын өмүрүн алды. Аны менен жалпы 2 619 киши коронавирустун курмандыгы болду. Учурда стационарда 449, ал эми амбулатордук шартта 702 адам дарыланып жатат.
Өткөн сутка ичинде 7 170 адам коронавируска каршы эмделген. Анын ичинен 4 418и биринчи дозасын алса, 2 752 адам экинчи компонентин сайдырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0