Бишкекте кайсы отун базада кандай көмүр бар? Даректер, баасы

© Sputnik / Бактияр БердибековКөмүр кампасы. Архив
Көмүр кампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Шаардыктар стационардык пунктулардан Кара-Кече көмүрүнүн бир кабынын баасын 200 сомдон 280 сомго чейин алса болот.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы ордо калаадагы көмүр саткан отун базаларынын дарегин жарыялап, ал жакта кандай көмүр бар экенин жана баасын жарыялады.
Ленин району:
  • "Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, № 1а. Бул базада Шабыркүл көмүрү бар. Бир тоннасы 4 500 сомдон сатылып жатат. 9-октябрда 8 вагон (540 тонна) көмүр келип түшкөн.
  • "Торг-Синтез", "Кара-Жыра" ЖЧКлары, Мурманск көчөсү, №59а. Бул базаларда Кара-Жыра көмүрүнүн бир тоннасын 4 500 сомдон алса болот;
  • "Береке" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, № 259. Бул жерден Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасын 4 500 сомго алса болот;
  • "Беш-Сары" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №186. Мында да Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 500 сомдон сатылып жатат.
Октябрь району:
"Торг-Синтез" ЖЧКсы, Төкөлдөш конушу, "Аламүдүн" станциясында. Базада Кара-Кече көмүрү бар. Бир тоннасы 4 500 сомдон. 9-октябрда базага жети вагон (480 тонна) көмүр келген.
Свердлов району:
  • "Восход и К" ЖЧКсы, Достоевский көчөсү, №1. Базадан Шабыркүл көмүрүн 4 500 сомдон тапса болот. Учурда ал жакта 1 000 тонна көмүр бар.
Мындан сырткары, стационардык пунктулар даярдалганы айтылды. Ал жактан шаардыктар Кара-Кече көмүрүнүн бир кабынын баасын 200 сомдон 280 сомго чейин алса болот.
Стационардык пунктулардин тизмеси:
Свердлов району:
  • Учкун жаңы конушу;
  • Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Келечек конушу;
  • Ак-Бата конушу.
  • Ленин району:
  • Пушкин көчөсү, №182;
  • Гагарин көчөсү, № 67;
  • Баррикадный көчөсү, №2.
Мындан сырткары, шаардагы жаңы конуштарга дагы 35тей стационардык пункт ачыла турганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0