Дарыгер: жылуу жерден чыккан адам бир аз суукка урунса эле ооруп калат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Дарыгер денедеги жылуулук суукка чыкканда бат эле муздай турганын, мунун айынан көп киши ооруп, иммунитети түшөрүн билдирди.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жылуу жерден чыккан адам бир аз суукка урунса эле ооруп каларын Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельниковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Денедеги жылуулук өзү бат муздайт, анан адам тоңот. Ысык-суукка айрым адамдардын гана денеси көнгөн. Көбү ошондуктан үшүп, ооруп калышат. Биринчи кезекте суук өткөндө иммунитет түшөт. Машыгуу залынан же мончодон чыкканда жакшылап кургангыла, сыртка суукта жука кийинип чыга калбагыла", — деди Тяжельников.
Ал ошондой эле калың күрмөнүн ичинен өтө жука кийинип алуу дагы кооптуу экенин айткан. Жылуу жерге киргенде тердеп, чечингенде желге урунуп калуу толук мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0