Гүл кармап турган адам. Архив

Опера искусствосуна өмүрүн арнаган. Ирина Деркембаевага жазылган некролог

103
Ирина Деркембаева кыргыз маданияты жана искусство тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргыз ССРинин эл артисти, көрүнүктүү опера ырчысы Ирина Деркембаева узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтып, кыргыз театр жана опера искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. Президенттик администрация некролог таратып, маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Опера ырчысы 9-октябрда 94 жаштын тамагын ичип жаткан.

Ирина Деркембаева 1927-жылы 25-декабрда Россиянын Иркутск облусунун Үңкүрлүк деп аталган жеринде туулган.

Алгачкы ишмердүүлүгүн 1942-жылы Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарындагы музыкалык драма театрынын кордебалетинен баштаган. Улан-Удэ шаарындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырып, кийин окуусун Петр Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык мектепте уланткан. 1946-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң Москва консерваториясына тапшырып, аны 1952-жылы аяктаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенип, көптөгөн концерттик иш-чараларга катышкан. Чет мамлекеттерде өткөн Корея, Индия, Индонезия, Сингапур, Монголия, Польшада, Чыгыш Германия жана Канадада гастролдук сапарларга чыккан.

1972-жылы театрдагы ишин улантуу менен бирге Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, кийин консерваторияда 30 жыл сабак берген. 1978-жылы доцент деген илимий даражага ээ болгон. Вокалисттердин жана балет бийчилеринин бүткүл союздук конкурсунун эки жолку лауреаты болот. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Анын чыгармачылыгындагы партиялары: Маргарита (Ч. Гунонун "Фауст"), Татьяна (П. Чайковскийдин "Евгений Онегин"), Иоланта (П. Чайковскийдин "Иоланта"), Наталья (П. Чайковскийдин "Опричник"), Оксана (П. Чайковскийдин "Черевички"), Ярославна (Бородиндин "Принц Игорь"), Каныша ак куу ("Падыша Салтан жомогу"), Тамара (А. Рубинштейндин "Жин"), Маженка (Б. Сметананын "Бартерленген келин"), Дездемона ("Отелло"), Чио-Чио-Сан (Г. Пуччининин "Мадам Баттерфляй"), Михаэла ("Кармен" Ж. Бизе), Елена ("Лакме"), Барак жана графиня Цепрано ("Риголетто"), Прилепа (П. Чайковскийдин "Пиковая дама"), Ольга (А. Даргомыжскийдин "Суу периси"); Валентина менен Тотуя (В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Ференин "Токтогулу"), Канайым (В. Власовдун, "Малдыбаев менен В. Ференин "Манас"), Калыйман (В. Власовдун "Айчүрөк", А. Малдыбаев жана В. Фере), Суусар (А. Аманбаевдин "Бакалаврлары") жана башкалар.

Кыргыз театр жана опера искусствосуна өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагына зор салым кошкон Ирина Григорьевна кыргыз элинин, опера жана балет театрынын күйөрмандарынын, замандаштарынын, жакындары менен туугандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

103
Белгилер:
Кыргызстан, опера, ырчы, некролог
Тема боюнча
Тарыхта калчу образдарды жараткан. Искра Райымкуловага жазылган некролог

Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Октябрдагы баалар

30
Октябрда Бишкектеги "элиткалардын" ижара акысы кымбаттады. Башкаларга салыштырмалуу жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандаган.
Бишкектеги батирлердин октрябрь айына карата ижара акысы  2021

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 641 жарнама каралды. Октябрда деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бардык типтеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы кайрадан жогорулады. Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирге мурдагыга караганда 1 100 сом көп төлөөгө туура келет. Үч бөлмөлүү "элиткалар" болсо 2 900 сомго кымбаттады. 105-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы орто эсеп менен алганда 2 300 сомго өстү.

Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 1 800дөй сомго арзандады. Ушул эле категориядагы үч бөлмөлүүлөр 2000 сомго төмөндөдү.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо ижара баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, октябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 15 800 сом (13 000ден 22 000ге чейин);
  • 105-серия — 15 900 (11 000ден 25 000ге чейин);
  • 106-серия — 16 200 (14 000ден 20 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 17 600 (7 000ден 29 700гө чейин);
  • "элитка" — 27 800 (17 000ден 42 400гө чейин);
  • жеке типтегилер — 7 400 (6 000ден 11 000ге чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 20 200 сом (15 000ден 26 000ге чейин);
  • 105-серия — 20 100 (13 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 22 200 (15 000ден 29 700гө чейин);
  • жеке типтегилер — 23 600 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • "элитка" — 45 100 (25 000ден 84 800гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 24 700 сом (18 000ден 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 29 300 (20 000ден 42 400гө чейин);
  • 106-серия — 28 900 (20 000ден 40 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 28 200 (20 000ден 42 400гө чейин);
  • "элитка" — 68 400 (33 900дөн 127 200гө чейин).

30
Белгилер:
Бишкек, батир, ижара, эмерек
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы
Шам жандырып жаткан аял. Архив

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График

21
(жаңыланган 17:55 28.10.2021)
Бригадалар үйлөрдүн ичиндеги түйүндөрдү оңдоп, зым тартат. Ошондой эле трансформаторлорду карап чыгышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында эртең, 29-октябрда, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-17:00 — Фрунзе, Ала-Арча, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Жибек Жолу проспектинде, Ак-Босого (Чүй, 19, 23) конушунда;
  • 9:30-11:30 — Рухий-Мурас конушунда;
  • 9:30-13:30 — Алтын-Ордо (2-4-көчөлөр) конушунда;
  • 9:30-17:00 — Осмонкул, № 295;
  • 9:30-18:00 — Арча-Бешик (Чортеков, Кең-Кол, Кең-Суу), Ак-Босого (Чүй, 4) конуштарында;
  • 9:30-19:00 — Токомбаев, Жукеев-Пудовкин, Дачный көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Дачный, Арал туюк көчөлөрүндө;
  • 11:30-13:00 — Туңгуч кичи районунда, № 5-8, 21, 23, 25, 27, 36, 36/1а, 36/1а, 37, 39;
  • 13:00-15:00 — "Туңгуч" кичи районунда, № 16/1, 17/2, 1-4, 12, 15, 17, 19;
  • 13:00-18:00 — Пушкин, Рыскулов, Павлов, Чымкент, Кулиев, Чүй көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Краснознаменный туюк көчөсүндө;
  • 14:00-18:00 — Ак-Босого (Чүй 29, 30) конушунда;
  • 15:30-17:30 — Медеров, Найманбаев, Суванбердиев, Матросов, Скрябин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Елецкий туюк көчөсүндө.
21
Белгилер:
Бишкек, жарык берүү, 'Түндүк Электр' ишканасы
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Талибан кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид

Тажикстан Афганистандын жаңы бийлигин тааныбай турганын айтты

0
(жаңыланган 19:15 28.10.2021)
Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тажикстан бийлиги Афганистандын жаңы өкмөтүн тааныгысы келбейт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин Тегеран шаарындагы жыйынында айтты.

Министрге шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, жаңы бийлик Кабулду күч менен басып алып, өз элинин жана этникалык топтордун пикирин эске албастан өкмөттү ээлеп алды.

"Этникалык тажиктер афган элинин 46 пайызын түзгөндүктөн өкмөттөн орун алышы керек болчу", — деди Мухриддин.

Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Пакистандын жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.

Ал эми 20-октябрда Россиянын борборуна талибдердин делегациясы барып, Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр "Москва форматы" боюнча жүргүзүлдү. Иш-чарага 10 мамлекеттин делегаттары катышты.

* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

0
Белгилер:
Афганистан, Тажикстан, өкмөт, бийлик
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты
Талибан* жардам алууну кааласа көмөк көрсөтүшү керек. Россиянын позициясы