ИИМ кызматкери иш учурунда. Архив

Мас болуп, катуу айдап... Айдоочулар бузган жол эрежелердин тизмеси

640
(жаңыланган 13:54 11.10.2021)
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы айдоочуларды бардык эрежелерди сактап, жолдо абайлоого чакырат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Өткөн аптада Кыргызстан боюнча 14,5 миң ирет жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык жүргүзгөн рейддин жыйынтыгы менен маалым болгонун ИИМден билдирди.

Эң көп бузулган жол эрежелери:

  • жолдогу белгилерге баш ийбөө — 6849;
  • автоунааны колдонуу эрежелерин бузуу – 4392;
  • ылдамдык режимин бузуу — 2008;
  • айып короого киргизилгендер – 730;
  • мас болуп рулга отуруу – 200;
  • автоунааны тиешелүү документи жок айдоо — 165;
  • автоунааны жабдууларын эреже бузуу менен алмаштыруу – 123;
  • жөө адамдар жол эрежесин бузган учурлар – 103;
  • кооптуу жүк ташуу – 56;
  • айнектерди караңгылатуу – 56;
  • автоунааны каттоо эрежелерин бузуу — 48;
  • номери жок жүрүү – 12;
  • тиешелүү органдын кызматкерлеринин талабын аткарбаган айдоочулар — 9;
  • рулдагы бейбаштык — 6;
  • жасалма номер тагып жүрүү – 4;
  • жасалма документтер менен жүргөн автоунаалар – 2.

ЖКККББ айдоочуларды бардык эрежелерди сактап, жолдо абайлоого чакырат.

640
Белгилер:
Кыргызстан, ЖКККББ, айдоочу, эреже, рейд
Тема боюнча
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
Жарыктын өчүрүлүшү "Коопсуз шаардын" ишине таасир этеби?
Бай киши. Иллюстративдик сүрөт

Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты

15
(жаңыланган 15:38 27.10.2021)
Өкмөт бай жана жана орто жашаган 1,2 миллион салык төлөөчүнүн эсебинен 200 миң жакыр үй-бүлөнү багары айтылды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстанды өнүктүрүү саясаты тууралуу сурады. Учурда парламентте 2022-жылга карата Республикалык бюджеттин долбоору каралып жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи.

"Кыргызстандын ченеми боюнча 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жоктогуларга түз жардам берет. 200 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү, 200 миңдей майып жана жетим-жесирлерди багып алабыз. Ошондо өкмөт бир миллион элди багууну мойнуна алат. Калган орто катмар бирдиктүү салык, байлар өзүнчө тариф менен кымбатыраак төлөйт. Машиналарынын, үйлөрүнүн салыгын көбөйтөбүз. 1,2 миллион салык төлөөчү үй-бүлөнүн эсебинен 200 миң үй-бүлөнү тың багып алабыз", — деди Жапаров.

Аны менен катар ишкерлерге жеңилдетилген, пайызсыз насыялар берилип, машинаны от алдырып жүргүзгөндөн кийин салык сурай тургандай принцип сакталарын белгиледи.

Ошондой эле ал түрмөлөрдө жана ооруканалардагы шарттар да жакшыртыларын кошумчалады.

15
Белгилер:
Акылбек Жапаров, шайлоо, бюджет, бай, кедей
Тема боюнча
Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады
Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы
Тез жардам кызматкери. Архив

Министрлик кафеде тамакка уулангандар эмнеге көбөйүп жатканын түшүндүрдү

19
Уулануу 23-октябрда эле катталганы менен жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Sputnik агенттиги бул сан эмнеге кафе жабык болсо деле өсүп жатканын сурады.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин тамагына уулангандардын саны жабыркагандар убагында медициналык жардамга кайрылбагандыктан өсүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

27-октябрга карата тамакка уулангандардын саны 253кө жеткени айтылган. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары эки күн мурда эле жабылган болчу.

"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, жабыркагандардын көбү анамнез (медкароо тууралуу маалымат) чогултуп жатканда 23-24-октябрь күндөрү ошол кафеден тамак жегенин айтышкан. Дал ушул күнү уулануу учуру катталган. Бирок бул адамдар үйдөн эле дарыланып, абалы оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан", — деди министрликтин өкүлдөрү.

Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке жеткен. Ал эми кечээ, 26-октябрда, жабыркагандардын саны 179 болду. Алардын 18и балдар.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.

19
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, тамак, уулануу
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 253кө жетти
"Империя пиццы" кафесине канча айып пул салынганы айтылды