Спецназ өзгөчө оор кылмыштарга шектелген жаранды колго түшүрдү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМашыгуу учурунда атайын күчтөрдүн аскерлери. Архив
Машыгуу учурунда атайын күчтөрдүн аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Шектүүнүн жанынан табылган куралдын номерлери өчүрүлгөнү, бирок ичинде үч ок бар экени аныкталды. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкекте куралчан жүргөн жаран кармалды. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн изделип жаткан. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук милициясынан билдирди.
Тартип сакчылары аны колго түшүрүү учурундагы видеону жарыялады.
КР Жазык кодексинин 253-беренесине ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Шектүүнүн жанынан табылган куралдын номерлери өчүрүлгөнү, бирок ичинде үч ок бар экени аныкталды. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Буга чейин ал төмөндөгү беренелерге ылайык издөөдө жүргөн:
  • 231-берене — "Кылмыштуу топту уюштуруу";
  • 241-берене — "Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү";
  • 97-берене — "Адам өлтүрүү";
  • 172-берене — "Автотранспортту мыйзамсыз ээлеп алуу";
  • 164-берене — "Уурулук"
  • 168-берене — "Каракчылык";
  • 245-берене — "Атуучу куралды уурдоо";
  • 174-берене — "Бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу";
  • 348-берене — "Мөөрлөрдү жана расмий документтерди уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу".
Жаңылыктар түрмөгү
0