Бишкекте үч күн бою айыл чарба көргөзмө-жарманкеси өтөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАйыл чарба көргөзмөсү. Архив
Айыл чарба көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Иш-чарага 200дөн ашуун кыргыз жана чет элдик алдыңкы компаниялар катышат. Көргөзмө-жарманке үч күн бою Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкекте 23-октябрда айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата "AгроТехЭкспо-2021" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси башталат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Ага 200дөн ашуун кыргыз жана чет элдик алдыңкы компаниялар катышары айтылууда.
"Иш-чарага айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар, мал чарбасындагы, өсүмдүк өстүрүүдөгү, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Көргөзмө-жарманке 23-24-25-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт.
Иш-чараны Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги уюштурууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0