Жапаров 2022-жылды эл аралык тоо жылы деп жарыялоону демилгеледи

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы Тянь-Шань тоолору. Архив
Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы 2027-жылы Кыргызстанда "Бишкек + 25" глобалдык саммитин өткөрүүнү сунуштаганын да айткан.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында 2022-жылды эл аралык тоо жылы деп жарыялоону демилгеледим. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө кеңешмесиндеги видео кайрылууда айткан.
"Өзгөргөн климаттын таасиринин көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргызстан 30 жылдан бери эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоп келет. Буга байланыштуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында мен 2022-жылды эл аралык тоо жылы деп жарыялоо, тоолуу региондордун туруктуу өнүгүүсү боюнча беш жылдык программаны бекитүү жана 2027-жылы "Бишкек + 25" глобалдык саммитин өткөрүүнү демилгеледим", — деген мамлекет башчы.
Жапаров кеңешмеде мөңгүлөрдү, тоо, дарыяларды талкалаган бизнес-практикаларга каршы туруу керектигин да айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0