УКМК: Памир кыргыздарына гуманитардык жардам жеткирилди

© REUTERS / AZIZ TAHERАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөтү бекиткен тизме боюнча гумжардам биринчи жолу Афганистандын өзүнөн сатып алынды.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 7 жана 9-октябрында Памир кыргыздарына 95 тонналык гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, жүктү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экспедициялык тобу алып барган.
"Тажикстандын аймагы аркылуу өткөн коридордо кооптуулук болгондуктан биринчи жолу Кыргызстандын өкмөтү бекиткен тизме боюнча гумжардам Афганистандын өзүнөн сатып алынды. Жүктүн жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү", — деп айтылат маалыматта.
Экспедициялык топ этникалык кыргыздардын мындан ары коопсуз жашоосун жана Афганистандын аймагы аркылуу эркин жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларга жетишкени белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0