Толук кандуу уйкуну кантип калыбына келтирсе болот? Адистин кеңеши

© Фото / Pixabay/ xiangying_xuУктап жаткан кыз. Архив
Уктап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, эгер адам түнкү саат 1-2де жатканды адат кылып алса, анда организмде аталган гормон жетишсиз болуп, адамдын уйкусу бузула баштайт.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Терапевт, иммунолог Ирина Ярцева Sputnik радиосуна уйкусу качкан жана эптеп ойгонгон адамдардын организминде мелатонин гормону жетишсиз болушу мүмкүн экенин айтып, толук кандуу уйкуну кантип калыбына келтирсе болорун айтты. Адистин пикири РИА Новостиге жарыяланды.
Иммунологдун айтымында, мелатонин тез жана тынч уктоого жардам берген гормон. Аны айрым учурда уйку гормону деп атап коюшат. Эгер адам түнкү саат 1-2де жатканды адат кылып алса, анда организмде аталган гормон жетишсиз болуп, адамдын уйкусу бузула баштайт.
"Мелатонин гормону организмде биз уктаганда иштелип чыгат. Эгер адам түндө уктабаса, анда кортизол, башкача айтканда, стресстин гормону бөлүнүп чыгат. Ошондон улам уйкунун режими бузулат дагы адам жакшы уктабай, эс ала албайт. Эртең менен чарчаңкы абалда ойгонот", — деген иммунолог.
Адис уйкуну мелатонинди дары же биологиялык активдүү кошулмалар түрүндө сатып алып колдонуу жолу менен жөнгө салса болорун айткан. Бирок адам кайра эле түнкү саат 12де жатып, уйку режимин сактабаса дары түрүндөгү мелатонин деле эч кандай жардам бербейт.
Дарыгер бейтаптын кан басымын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Көтөрүлгөн кан басымды дарысыз түшүргөн ыкмалар. Адистин кеңеши
"Мелатонинди саат 22:00дө ичип, 23:00дө уктаса анда жакшы. Бирок телевизор, гаджетти жатар алдында көргөнгө болбойт. Андан көрө жагымдуу музыка уккан оң. Ошондо гана уйку бир аз оңолуп, андан кийин организм өзү мелатонин бөлүп чыгара баштайт. Бул иммундук системага да таасир этет. Ошондой эле вирустарга каршы туруп, алар менен күрөшүүгө да чоң жардамчы", — деген Ярцева.
Адис мелатонинди колдонордун алдында сөзсүз дарыгер менен кеңешүүнү сунуштаган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0