Бишкекте 14-октябрда таза суу жок болот. Көчөлөрдүн тизмеси

© AFP / ALASTAIR PIKEСтаканга суу алып жаткан адам. Архив
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Мэрия үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана башка социалдык мекемелерде суу жок болорун эскертип, алдын ала камдап алууну сунуштады.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эртең, 14-октябрда, саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет бул токтотуу "Батыш-2" суу кампасы менен шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу экенин айтты.
Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
  • Ала-Арча суусу — Темир жол линиясы — Жибек жолу проспектиси — Жаш гвардия бульвары;
  • Жаш гвардия бульвары — Темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси.
Мэрия үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерде суу болбой турганын эскертти.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0