14-октябрда Бишкектин айрым бөлүгүндө электр жарыгы болбойт. Тизме

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЭлектр эсептегич алмаштыруу. Архив
Электр эсептегич алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Монтаждоочу бригада жабдууларды оңдоо жана трансформатордук көмөк чордондордун иштөөсүн жөнгө салуу менен алектенет.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эртең, 14-октябрда, Бишкек шаарынын айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Өчүрүлө турган аймактардын тизмеси:
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Исанов, Ташкент көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Ала-Тоо конушунда (Ала-Тоо, Талды-Булак, Абакан көчөлөрү) Арча-Бешик конушунда (Он-Арча, Садыбакасов, Набережная, Кызыл-Адыр, Ойсул-Ата, Чолпон көчөлөрү), Ак-Ордо конушу (Арпа, Каркыра, Солтон Сары, Нур-Ордо көчөлөрү) жана Ак-Босого конушу (Чүй 1-6, 16-20, 29-30, 40-45 көчөлөрү);
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 3-кичи райондогу № 26 үйдө;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Шабдан баатыр (№ 1, 1/1, 1/2 турак үйлөрү), Элебесов көчө бөлүктөрүндө, Кайыңды конушундагы Дорожный кууш көчөсүндө;
  • 9:30дан 19:30га чейин — Бакай-Ата конушунда (Алмамбет, Жээк, Кошой-Арашан, Анар көчөлөрү) жана Көк-Жар конушу (Конорчок, Чар көчөлөрү);
  • 9:40тан 14:00гө чейин — Саратов жана Курманалиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
  • 14:00дөн 17:00гө чейин — Буденный, Фрунзе жана Кантемировский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
  • 15:00дөн 18:00гө чейин — Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде (студенттик бейтапкана).
Жаңылыктар түрмөгү
0