Россия президенти Владимир Путин

Путин АКШлык журналист айымга комплимент айтты. Видео

206
Акыркы апталарда энергия менен камсыздоочу каражаттардын баасы кескин жогорулады. Адистер муну Европанын газ кампаларында ресурстун аздыгы менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШлык CNBC телеканалынын журналистине комплимент айтып, бирок ага газ тууралуу туура эмес маалымат жеткирип жатышканын кошумчалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Журналист Россиянын энергетика жумалыгында модератор болуп жатан. Ал Путинге Россия газ түтүктөрү аркылуу газ бербей туруп өзүнүн ишенимдүү өнөкөш экенин кантип далилдейт деген мааниде суроо берген.

"Татынакай, келишимдүү аялзаты экен... Бирок мен ага бир нерсени айтсам, таптакыр башканы сурап жатат. Европага газ жеткирилбей жатат деп айткандары чындыкка туура келбейт. Тескерисинче, "Газпром" газ берүүсүн 10 пайызга, өлкө жалпысынан 15 пайызга жогорулатты”, — деди Путин.

Акыркы апталарда энергия менен камсыздоочу каражаттардын баасы кескин жогорулады. Адистер муну Европанын газ кампаларында ресурстун аздыгы менен түшүндүрдү. Бирок Россия көгүлтүр от боюнча түзүлгөн көйгөйлөрдү жоюуга жардам берерин айтууда.

206
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, АКШ, журналист
Тема боюнча
Путин газды Россия курал катары колдонуп жатат деген айыптоого жооп берди
Путин РФтин 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна жетүү планын айтты
Адамдын буту. Иллюстративдик сүрөт

Согончокту байка. Өпкө рагынын күтүүсүз белгиси аталды

14
Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса, анда дарыгерге көрүнүү зарыл.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Согончоктун тынбай оорушу өпкөдө шишик пайда болгонунан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Daily Express басылмасы Улуу Британиянын улуттук медициналык системасында иштеген дарыгерлердин айтымына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, рактын көп түрү, анын ичинде өпкө рагы тромбдун өрчүү тобокелчилигин жогорулатат.

"Бейтаптар согончогу ооруп жатканын айтып кайрылган учурлар катталган. Текшере келгенде алардан тромб табылган. Бул — өпкө рагынан кабар берген жалгыз белги", — деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса дарыгерге көрүнүү зарыл.

"Күнүмдүк жумуштарды жасап жатканда да катуу оорута турган болсо, бир ооруп, бир басылып ыңгайсыздык жаратса, согончоктун тушу эч нерсени сезбей калса, анда тез арада медиктерге кайрылуу керек" — деп жазылат билдирмеде.

Медиктер өпкө рагы олуттуу оору экенин айтып, башында дарт билинбей өрчүй бериши ыктымал экенин белгилешкен. Буга көбүнчө чылым чегүү себеп болору айтылды.

14
Белгилер:
өпкө, рак, белги, тромб, согончок
Тема боюнча
Буттун дароо шишип кетүүсү кандай оорудан кабар берет? Медиктин жообу
Кардиологго токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берген белгилер
Парктагы белка. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

94
16-октябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18, Талас менен Нарын аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл жергесинде +12...+17 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +15...+17, Ош калаасында +22...+24 градуска көтөрүлөт.

94
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн жылуу болот! Дем алышка карата аба ырайы