Кардиологго токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берген белгилер

© Фото / Pexels/ Tima MiroshnichenkoДарыгер иш учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Дарыгер иш учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Жүрөктүн оорусу акыркы 20 жыл ичиндеги адам өмүрүн алып кеткен глобалдуу илдет болуп келе жатат.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Эгерде жүрөк, баштын желке тарабы ооруп, кан басым көтөрүлүп, баш айланса кардиологго токтоосуз кайрылуу зарыл. Ушул жана башка белгилерди РИА Новости Ломоносов атындагы медициналык билим берүү борборунун бөлүм башчысы, аритмолог Андрей Ардашевге таянып санап берген.
Жүрөк оорусу акыркы 20 жыл ичиндеги адам өмүрүн алып кеткен глобалдуу илдет болуп келе жатат.
"Эгерде жүрөк башкача болсо (алаканга салып алып, бекем мыкчып жаткан сыяктуу сезим жаралса), баштын желке тарабы ооруса, кан басым көтөрүлсө, эс-учуңузду жоготсоңуз, оор жумуш жасаганда же эмоцияга алдырган учурларда кыйналып кетсеңиз жүрө бербей, дароо дарыгерге кайрылыңыз", — деген Ардашев.
Ал профилактика иретинде кардиологго жылына бир ирет барып, электрокардиограмма (ЭКГ), ЭХО-ЭКГ жана зарыл болсо ЭКГнын холтердик мониторун (ХМ ЭКГ) жасатып турууну айткан.
Дарыгер бейтаптын кан басымын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Көтөрүлгөн кан басымды дарысыз түшүргөн ыкмалар. Адистин кеңеши
"Жогоруда мен санап берген белгилер адамдагы кандын жүгүрүп туруусу, тагыраагы, конкреттүү жерде же органдагы кан айланууда (биринчи иретте баш, жүрөк) маселе бар экенин көрсөткөн. Бул инсульт же инфаркт кооптуулугунан кабар берет, андай абалдан ар бир киши жабыркабай чыгып кеткен учурлар аз", — деп эскерткен дарыгер.
Буга чейин дагы бир адис, диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург жүрөк-кан тамыр оорусунан жапа чеккендер биринчи иретте эмне ичип-жеп жаткандыгына көңүл бурушу абдан зарыл экенин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0