Медик бейтап менен ооруканада. Архив

Бир суткада коронавирус үч кишинин өмүрүн алды. Соңку статистика

103
(жаңыланган 10:36 14.10.2021)
Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 2 627 киши каза тапкан. Ал эми оору жуктургандар 179 583кө жетти.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 91 адамдан коронавирус табылып, 87 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир суткада вирус жуктургандар:

  • Бишкек – 57;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 2.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 583кө жетти. Анын ичинен 174 407 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталып жатат. Кечээтен бери коронавирус үч бейтаптын өмүрүн алган. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 2 627 болду.

Азыркы тапта стационарда 455, ал эми амбулатордук шартта 596 адам дарыланып жатканы айтылды.

103
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, статистика, штаб, бейтап, оорукана
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (130)
Тема боюнча
COVID каары: 100 млн. адам жакырланып, 4 млрд. киши жардамсыз калды
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова

Алтын күздөгү Айсулуу! Ажары арткан балбан кыздын жаңы сүрөттөрү

14
(жаңыланган 17:03 22.10.2021)
Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү. 

Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

"№867 кыял орундалды! Алтын күз — сүрөткө түшүү үчүн сонун фон. Бала кезимден бери сары жалбырактардын фонунда фотосессия уюштурууну кыялданчумун. Муну ишке ашырууга кесиптештерим жардам беришти. Дарактар жалбырагынан ажыраганга чейинки учурду өткөрүп жибербеңиз", — деп жазган балбан кыз.

Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөттөрүнө суктанган билдирүүлөрдү калтырып, анын постун кайра бөлүшүп жатышат.

14
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, балбан, спорт, сүрөт, күз
Тема боюнча
Балбан кыздардын аты коюлган үч эм. Айсулуу Тыныбекова төрөт үйүнө барды. Сүрөт
Студенттер окуу учурунда. Архив

Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

11
(жаңыланган 16:59 22.10.2021)
Мындай чечим өлкөнүн айрым министрликтеринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караган Чек ара кызматынын макулдугу менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз бийлиги өлкөнүн билим берүү уюмдарында окуп, иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандыктардын билим берүү процессине катышуусуна уруксат берүү чечими Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча кабыл алынган.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын жогоруда айтылган жарандарынын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Анда КР мектептеринде окуган тажикстандык окуучулар, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле этникалык кыргыздар тууралуу маселе камтылган.

11
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, чек ара, Тажикстан, студенттер
Тема боюнча
Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет
Баткен: элден чогулган акча кайда жумшалып жатканы айтылды