Бишкекке Россиядан билим берүү жаатындагы адистердин делегациясы келет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Делегациянын курамында Россиянын ар кайсы аймагындагы мектеп директорлору, орус тили жана адабият сабагын өтүү боюнча методисттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү болору айтылды.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ордо калаада орус тилдүү мектеп директорлорунун форуму өтөт. Бул тууралуу Россотрудничество өкүлчүлүгү маалымдады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 21-22-октябрда Россия элчилиги менен Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчилигинин алдында уюштурулмакчы.
"Анда окуу процессин уюштуруу, өлкөдөгү мектептерде орус тили боюнча балдардын билимин өнүктүрүүнүн келечеги, Россиядан гранттык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер талкууланмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Форумга катышуу үчүн Россиянын билим берүү жаатындагы адистердин делегациясы келиши күтүлүүдө. Алардын ичинде Россиянын ар кайсы аймагындагы мектеп директорлору, орус тили жана адабият сабагын өтүү боюнча методисттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0