COVID 98 адамдан чыгып, эки бейтап көз жумду. 15-октябрдын статистикасы

© REUTERS / WANA NEWS AGENCYОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Коронавирус Ош, Баткен жана Нарын облустарында катталган эмес. Каза болгон эки жарандын эмдөө албаганы айтылды.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 98 адамдан коронавирус табылып, илдет эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми ооруну жеңип, аман-эсен айыгып кеткендердин саны 94 адам болду.
Бир суткада вирус жуктургандар:
  • Бишкек – 74;
  • Чүй облусу – 11;
  • Талас облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 2.
"Эки адам каза тапты. Алар коронавируска каршы вакцина албаган жарандар болгон", — деп айтылган маалыматта.
Муну менен аталган илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 629га жетти. Дарт пайда болгондон тарта ооруп калгандардын жалпы саны - 179 681ге чыкса, алардын ичинен 174 501 адам айыгып кеткен.
Азыркы тапта стационарда 476, ал эми амбулатордук шартта 576 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0