Ден соолукту байкатпай аксаткан зыяндуу 7 адат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКыз ич кийимдин көргөзмөсүндө. Архив
Кыз ич кийимдин көргөзмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Дарыгер бөйрөк оору, цистит, целлюлит, онкологиялык оорулардан алысыраак болгонго жардам берген чаралар туурасында айтып берди.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Нефролог Дарья Садовская адамдар күн сайын ден соолугуна зыян келтирип жасай берген, көнүп калган адаттар туурасында айтып бергенин "Доктор Питер" медициналык порталы жазды.

1. Муздак сууга кир жуугандык

Ич кийимди 40 градустан төмөн эмес температурада башка кирден өзүнчө жууш керек. Мүмкүнчүлүк болсо күнгө кургатып, үтүктөш керек.
"Мындай адат сизди ооруга чалдыктырчу микроорганизмдерден сактайт. Бул өнөкөткө айланып кетчү ар кыл илдеттерден коргой турганын эске алып койгон жакшы", — деп түшүндүргөн Садовская.

2. Ажатканга чолосу болбогондор

Дарыгер балдарды ажатканага баргысы келгенде чыдап жүрө бербегенге көндүрүүнү сунуштайт. Чоңдорду да ал адаттан алыс болууга чакырган.
"Бул бөйрөк оорудан, циститтен, целлюлиттен, онкологиялык жана башка дагы бир топ оорулардан сактайт", — деген нефролог.
Дүкөндөгү киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Кукси, чипсы, токоч. Кытай азыктарынан ГМО табылып, Россия импортко тыюу салды
3. Төшөк мамилесинен кийин дароо ажатканага барбай жүрө берүү
"Жуунуп, төшөк мамлесине чейин эки стакан суу ичип, ажатканага барып, заара кылабыз. Андан кийин кайра келип жуунабыз", — деген эксперт. Интимдик мамиледен соң жатып албай табарсыкты дароо бошотсоңуз, заара чыгаруучу жолдор аркылуу инфекциянын кайра ойгонуу тобокелдиги дароо төмөндөйт.

4. Баарын оозго сала берүү

"Упчу, чыны, вилка жана башка тиричиликтеги буюмдар туурасында айтып жатам. Балаңыздын упчусун оозуңузга салып, кайра ага берсеңиз ашказан рагы менен түз байланышта болгон хеликобактер бактериясын жуктурушуңуз мүмкүн. Бул сизге керекпи? Ал байкалбаганы менен көптөгөн жылдар бою жүрө берет", — деген Садовская.

5. Даарат кагазын гана колдоно берүү

Эң жакшысы, ажатканага биде орнотуу. Эгерде мүмкүнчүлүк такыр эле жок болсо, суу куюлган бөтөлкөнү коюп алуу керек.
"Суунун ордун эч кандай гигиеналык каражат алмаштыра албайт. Даарат кагазы 100 пайыз жардам бербейт. Ден соолукта жана таза болуунун эң жакшы ыкмасы – ажатканадан кийин даарат алуу. Бул жагынан мусулмандардан өрнөк алса болот, гигиена аларда биринчи орунда турат", — деген доктор.
Флагманский центр Моя работа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Дарыгер нымдуу салфетканын негизги кемчилигин атады
6. Бирөөнүн жеке буюмдарын колдонуу
Буга өздүк гигиненанын: тиш жууган щетка, ооз боегуч сыяктуу буюмдары гана эмес, тарак, ал тургай баш кийим да кирет.
"Силерге биттегендин, демодекстин (теринин түктөрүндө көбөйүп, жашап, тери оорусун пайда кылган кенелер — ред. ), учуктун кереги жок. Баланы кичинесинен тарта эле чоочундардын буюмуна тийбөөгө үйрөткөн абдан маанилүү. Бул кооптуу", — деп кеңеш берген адис.

7. Эскирип калган азыктарды жегендик

"Тамак-ашты кечке кармап отура бербеш керек. Жууганга боло турган нерсени жээр алдында бир чайкап алган жакшы (себеби бул учурда нитриттердин аралашмасы 30 пайызга азаят). Сезондук жемиштер менен мөмөлөр бар, аларды өзүнүн учуру өтүп кеткенде жеген өмүргө кооптуулук жаратат ", — деп эскерткен Садовская.
Кээ бир азыктарды жарактуу мөөнөтү өтүп кеткенде жесе эч нерсе болбойт деген пикир бар. Бул бир жагынан алганда туура, бирок аны эксперимент кылуунун кереги жок. Баары бир жаңы азык менен тамактангандан өтөрү жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0