Бишкекке жаңы автобустар алып келинип, каттамдар көбөйөт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги жаңы автобустар. Архив
Бишкектеги жаңы автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Эми Жеңиш конушуна №34 автобус каттай баштайт. Кийинки аптадан тарта ордо калаада дагы 30 жаңы автобус иштей турганы айтылды.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 18-октябрдан баштап жаңы автобустар №34, 21, 46 каттам боюнча линияга чыгат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Шаардык транспорт башкармалыгы билдиргендей, келе жаткан аптанын башында, тагыраагы, 18-октябрда линияга 30 жаңы автобус чыгат. Алар 34, 21 жана 46-маршрут боюнча каттайт.
"Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын суранычы менен "Эко жүргүнчүлөр ташуу" компаниясы тарабынан иштелип чыкты", — деп айтылат маалыматта.
"Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсы чыгарган автобус каттамдары:
  • № 21 автобус. Биримдик конушу — Бакай-Ата конушу, 10 автобус каттайт;
  • № 46 автобус. "Дордой" базары — Эне-Сай конушу — Чоң-Арык айылы, 10 автобус каттайт;
  • № 34 автобус. "Шоро" фирмасы — Жеңиш конушу. 10 автобус каттайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0